Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр Сайдилкан: “Адамзаттын эң негизги миссиясы – татыктуу тукум, мурас калтыруусу”

Кадыр Сайдилкан: “Адамзаттын эң негизги миссиясы – татыктуу тукум, мурас калтыруусу”

15-февраль, 11:21
2 931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ата-энелер балдарынын билим алуусуна шарт түзүүдө эмнеге басым жасашы керек ? 

-Биринчиден, ата-эне өзү билимдүү болуусу зарыл. Эгерде белгилүү жана белгисиз себептерден улам билими жок болгон болсо, анда жок дегенде билимге умтулуусу керек. Бала – бул күзгү. Ата-эне бала үчүн үлгү болуусу шарт.

Экинчиден, ата-эне балага көбүрөөк көңүл бөлүп, шыктандырып, керек болсо окуусуна жакындан жардамчы болуп, баласынын билим алуусуна абдан кызыкдар мамилесин көрсөтүп, жөлөк болуусу маанилүү.

Билим алуу, китеп окуу, акылдуу болуу баланын жашоосуна, келечегине кандай таасир калтырарын, кандай пайдасы барын байма-бай балдарга түшүндүрүп туруу керектигин унутпаш керек. Баланын окуусу үчүн баардык шарттар менен камсыз кылуу ата-эненин ыйык милдети. Баланы мектепке берип, мугалимге түртө салбай, ата-эне мектеп, мугалимдер менен тыгыз байланышта болуп, баланын жашоосуна жакындан катышуусу жана мугалимге жакындан жардам берүүсү зарыл. 

-- Баланын билим алуусун инвестициялоонун калыптануусуна тоскоол болгон себептер жана аны чечүүчү кадамдар кандай? 

-- Дүйнөдө, айрыкча өнүккөн өлкөлөрдө баланын билим алуусуна инвестиция кылуунун пайдасын жакшы билишет. Дүйнөдөгү эң пайдалуу инвестиция – бул билимге болгон инвестиция. Бул эмне? Баланы Кудайдан тилеп, энесинин ичинде түйүлдүк болуп пайда болгондон тартып, тарбия, инвестицияны айтпай эле, Кудай берген, жарыкка келген, төрөлгөн балага инвестиция жөнүндө айталы.  

Эң биринчи бала төрөлгөндөн баштап, туура тарбиялоого ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулуу керек. Биз балдарыбызды Кудай берип койгон менчик катары көрүп келебиз. Адамзаттын эң негизги миссиясы – татыктуу тукум, мурас калтыруусу. Ар бир төрөлгөн бала – бул личность, ал туура тарбияга муктаж жана татыктуу. 

Улуттук каада-салт, баалуулуктарга ширелген тарбия берүү: жакшы бала бакча, жакшы мектеп, жакшы университет татыктуу билим берүүгө баардык шарттарды колдон келишинче түзүү үчүн жумшалган күч, убакыт, каражат – бул инвестиция. Анын кайтарымы чексиз жана абдан пайдалуу. 

Кыргызда “Атанын малы – чатанын малы” деген сөз бар. Башкача айтканда, ата-эненин балдарга калтырган малы, байлыгы балага байлык болуп бере албайт. Билимсиз бала ал байлыкты колдонуп, башкара дагы албайт, кармап да кала албайт. Балага берген тарбия, билим эң маанилүү. Жөнөкөй тил менен айтканда, малыңдын туягын санап санаа чекпей, баланын билими үчүн баардык мүмкүнчүлүктү колдон, малыңды сатып балага татыктуу билим, татыктуу тарбия бер жана андан эч нерсени аяба!

-- Сиздин пикириңизде, билим берүү системасын жакшыртуу багытында аткарчу иштер кайсылар?

-- Араба ойлоп таппай, өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системасын, окуу программасын алып, аны биздин улуттук баалуулуктарга, каада-салтка шайкеш келтирип билим берүү системасына киргизсе болот. Биздин өлкөдө эң барктуу, эң баалуу мугалимдик кесип болуусуна кечиктирилгис чараларды көрүү зарыл. Кыргыз жеринде эң жогорку маяна мугалимдин маянасы болуусу керек. Эски, замандан артта калган билим берүү системасын түп-тамырынан реформалап чыгуу – замандын талабы. Мамлекеттик деңгээлде эбегейсиз иштерди аткаруу шарт. Ошол эле окуу китептерин, окуу куралдарын толук, замандын талабына жараша ылайыкташтыруу менен толук камсыздоо. Мугалимдердин квалификациясын, билимин жогорулатуу дагы эң негизги приоритет болуусу абзел. Айта берсек, бул багытта сөз абдан көп. Иштеш керек. 

-- Азыр шаар жериндеги ата-энелер балдарын жеке менчик мектептерде окутууга басым жасап калышты. Буга сиздин пикириңиз?

-- Мамлекет – эң начар башкаруучу. Жеке менчик мектептердин эң негизги өзгөчөлүгү – базар экономикасындагы атаандаштыкка туруштук берүү. Алардын негизги максаты – акча табуу же болбосо бизнес. Алар мектебинин, мугалимдердин сапатын жакшыртууга ар дайым кызыкдар. Начар мектепке эч ким акча төлөп баласын окутпайт. Ошондуктан ар дайым атаандаштыкка туруштук берүү үчүн сапаттын үстүндө иш алып барышат. Шарты болгон ата-эне сөзсүз баласынын татыктуу билим алуусуна кызыкдар жана инвестиция жасоого дайым даяр болуусу керек. 

-- Мектептен тышкаркы сабактарды, ийримдерди тандоо да мезгил талабына ылайык өзгөрүп туруусу шартпы?

-- Ата-эне баласын жакындан таануусу керек. Айтайын дегеним, баланын жөндөмүн, кызыгуусун, шыгын билүүсү зарыл. Ата-эне азыркы заманбап, мезгилдин талабына ылайык кесиптерди жакындан билип, балага кеңешчи болууга умтулуусу керекАр бир бала өзгөчөЭч качан баланы кошунанын, достордун балдарына, же башка бир балага салыштырууга болбойт. Ошондой эле баланы зордоп, же болбосо каалабаган бир ийримге берүүдөн майнап чыкпайт. Ийгиликтин эң биринчи кадамы – баланын туура, өзү сүйгөн кесипти тандоосуна жол берүү. “Тигинин баласы прокурор, салыкчы” ж.б. деп баланы каалоосуна каршы университетке окутуу – бул эң чоң катачылык!

-- ЖОЖдордогу студенттерди мотивациялоо, туура жолго салууда, дегеле тандаган кесибинин натыйжалуулугун арттыруучу иш-чаралар кайсылар дейсиз? 

-- Тилекке каршы, бул жаатта биздин университеттерде мындай иш-чаралар болгонун уга элекмин. Эң негизги мотивация  сапаттуу билим берүү. Эгерде студент өзүнүн сүйгөн, тандаган кесиби боюнча татыктуу, топуктуу билим алып, ынанган болсобул ал үчүн биринчи мотивация катары ойлойм.

Экинчиден, студенттерге кесиби боюнча заманбап маалыматтар, ар кандай семинарлар жана андан аркы окуусун магистрдокторантура программалары менен тааныштыруучу иш-чаралар өтүп турса жакшы болмок. Мындай иш-чаралар студенттин өзүнүн изденүүсүнө түздөн-түз байланыштуу. Жашоодо эң кымбат жана баалуу нерсе – бул убакыт. Баардык студенттерге айтарым, эң эле жок дегенде, бакалаврдан соң бери жагы Түркия, Чыгыш Европа, Түштүк Корея, Жапан университеттерине, болбосо Батыш Европа, Англия, Америка университеттерине толгон-токой программалар аркылуу билимиңерди уланткыла!


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер