Булганган депутаттардын Байсаловду сындаганга моралдык укуктары жок!
Жогорку Кеңештин депутаттары айрым өкмөт өкүлдөрүн, мамлекеттик кызматкерлерди кагып-силкип, келинин каарыган кайненедей мамиле кылганына көп жолу күбө болуп келебиз. Коомдо “депутат деген үстөлдү бир муштап, өкмөт мүчөлөрүн тилдеген адам” деген образ калыптанып калганы да чын. Бул нормалдуу көрүнүш катары сыпатталып, парламент трибунасы саясый маданияттын эң бийик пилотажы болуудан калып, оройлуктун, кемсинтүүнүн, эң негизгиси, жаштарга туура эмес үлгүнүн очогуна айланган. Мындай саясый маданиятсыздык эгемендик алгандан кийин тутанып отуруп, 2010-жылдан соң туу чокусуна жеткен эмеспи. Ар бир депутат өзүн “минихан” сезгени кедерин тийгизип отуруп, акыры эмне болду? Мамлекеттин ресурсу туура эмес колдонулганы үчүн 2020-жылы жалпы эл жасалма парламенттик башкаруудан толук кандуу президенттик башкарууну тандап алган...
Бирок, Башмыйзам алмашып, жаңы саясый система, башка доор келгенине карабай, 2020-жылдан кийин шайланган депутаттар эски синдром, эски Башмыйзам менен жашап жатканын көрүп жатабыз. Акыркы күндөрү депутаттар аткаруу бийлигинин кызматкерлерин мазактап, кекетмейди адатка айландырып алышпадыбы. Султанбай Айжигитов, Адахан Мадумаров, Эмил Жамгырчиев жана башкалар Жогорку Кеңеште сүйлөгөн ар бир сөзүндө кызматкерлерден “экзамен алууну” адат кылып алышкан. “Адалсынган молдокелердин” сөздөрүнө чыдабай Эдил Байсалов акыры агынан жарылды!
Аныгында, Байсалов көтөргөн маселе негиздүү, себеби, Жогорку Кеңеш ачуу кыйкырык, куу сүрөөн, популизм, жеңил-желпи хайп менен иштөөгө көнүп алды сыягы. Мисалы, Жамгырчиев 2018-2020-жылдары каржы полициясынын төрага орун басары кызматын аркалаган. “Өрдөк эти” аткезчилик кылмыш иши менен абийири айрандай төгүлүп, иши сотто жүрөт. Ал ботаникалык бакчага күйүмүш болуп, ошол бакчанын жанындагы Ахунбаев көчөсүнөн килейген жер тилкесин мыйзамсыз алганы, аны декларациясында көрсөтпөгөнүнө эмне дейбиз? Бул “мыйзамсыз баюу” эмеспи? Эми ошол арты таза эмес Жамгырчиев тыңсынып, Байсаловго акыл үйрөтүүгө дегеле моралдык укугу барбы?
Дагы бир депутат Шайлообек Атазовду элибиз кандай кабыл аларын, кимдердин коргоочусу экенин чечмелебей эле коёлу. Ал эми сауна иштеткен Гүлкан Молдобекованын күйөөсү Мирбек Асанакунов профсоюзду талкалаганы баарына маалым. Ал да алды-артын каранып, анан Байсаловго айкыл айтса жакшы болмок... Акыры депутаттарга өз кемчиликтерин көзүнө сая көрсөтүп, бетине айтчу бир саясатчы чыкты, ал – Байсалов!
Эдил Байсалов саясатта өзүнүн баскан жолу бар инсан. Парламентте анын бийик деңгээлиндей баскычты бир-эки эле депутаттан көрөбүз. Ал дайыма позициясын ачык, даана билдирип келген, арты таза өкмөттүн бараандуу өкүлү. Ачуу болсо да, жаман көрүнсө дагы, чындыкты бетке айткан саясатчы катары кадыры бар. Баамдап көрсөк, учурда көпчүлүк Байсаловду колдоп жатат. Депутаттар маселенин күнгөй-тескейин түшүнүп-түшүнбөй эле трибунадан катуурак, өктөм үн менен өкмөт өкүлдөрүнө кыйкырып, же орой тон менен талап кылып койсо эле “ал мыкты экен” дегендик – бул чоң жаңылыштык!
Жогорку Кеңештин депутаттарынын түздөн-түз милдети: мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк. Депутаттар бөйрөктөн шыйрак чыгарбай, конструктивдүү сунуштар менен иштеп, сапаттуу мыйзам жазуу менен алек болушу зарыл эмеспи. Учурда негизги милдеттерин унутушуп, трибунадан катуурак кыйкырып коюшса эле элдин колдоосуна арзып кетишпейт да. Бул акырындап отуруп адатка айланып, өкмөт мүчөлөрү менен эл өкүлдөрү эки жээкте акыйнек айтышып отурганы жакшы жорук эмес!
Ошондуктан, журт башы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын, иш-аракеттерин колдоп-коштоп, кемени эки тарабынан эмес, бир тарабынан башкарсаңыздар, бара жаткан багытыңыздар түз болмок!