Ала качып алган күйөөм бактылуу кылды. Эркектин сүйүүсүн сыйлайлы...
Он беш жыл мурда мени чала тааныган жигит ала качып кетти. Отурбай, аябай ызы-чуу салгам. Акыры кемпирлер чогулушуп, башыма жоолук салышып, ак баталарын беришкен. “Таш түшкөн жеринде оор” дешкен.
Ошентип, жашап калдым. Алгачкы күндөрү күйөөмө көнбөй жүрүп, бир ай өткөндө сүйүү жаралды. Бактылуу күндөрүм башталды. Көрсө, эркек сүйүш керек экен. Аялдыкы экинчи орунда экенин түшүндүм. Үч уул, эки кыздуу болдук. Элдин алды болуп жашайбыз. Күйөөм ишкерлик менен алек. Мен балдарды тарбиялап үйдөмүн.
Учурда кыз-келиндердин укугун көбүртүп-жабыртышып, кичинекей нерседен чуу чыгаргандар көбөйдү. “Аялзаты кор болуп жатат” дегендерге такыр түшүнбөйм. Күйөөсү анча-мынча уруп койсо деле эч нерсе болбойт. Майдай эле кабыл алыш керек. Негизи күнөөнүн көбү аялдардан кетет. Эркектин тилин таап, аздектеп алса болот... Мен ала качуу салтын колдойм. Өз башыман өттү, азыр бактылуумун...
Айжамал
Aryba.kg