Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таштап кеткен атасына кызым азгырылып, убайымга сала баштады

Таштап кеткен атасына кызым азгырылып, убайымга сала баштады

26-июль, 22:25
875 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жолдошум менен кош бойлуу кезимде ажырашканбыз. Бизди таштап, башка өлкөгө кетип калган. Кызым төрөлүп, күбөлүктү өзүмдүн атымдан алгам. “Атасы” деген жер бош. Бизде нике күбөлүгү да жок эле. Жолдошум ошол күндөн ушул убакка чейин такыр жардам берген эмес, дайыны жок болгон. Эми жакында бизди издеп тааптыр, жардам берүү оюнда жок, жөн эле ал-жай сураганы эле байланышыптыр. Россияда иштейт экен. “Үй-бүлөм, балдарым бар” дейт. “Биз менен байланышпа” десем, “кызым менен сүйлөшөм” дейт, бирок жардам бере албайт. Алиментке берсем болобу? Ушул убакка чейинкисин да төлөтүп ала аламбы? Мектепти бүтүп, окууга тапшырса, өзүнө эле керектелет эле. Өзүм ушул убакка чейин иштеп, боюма карабай жүрүп, ден соолугум начарлап, оор ишке жараксыз болуп калдым. Кызым бойго жетип келатат. Убагында таштап кеткен атасына азгырылып, мени убайымга сала баштады. Жалгыз каламбы?


Гүлнура 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер