Акыркы кабарлар
» Коом » Тойдун алдында колукту тиш оорудан улам каза болду
Тойдун алдында колукту тиш оорудан улам каза болду
01-сентябрь, 19:53
1 529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Тойго жакын тиш оорудан кыйналган келин стоматологияга барып, жарым сааттын ичинде каза болуп калган. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта, үлпөт тойдун алдында тиш оорудан кыйналган келинди жолдошу стоматологиялык клиникага алып келип, сыртта тойдун жасалгасы бар унаа менен күтүп турган. Жарым саатка жетпей сыртта тойго сарсанаа болуп турган күйөөсүнө колуктусу каза болуп калганын угузушкан. Эч жери оорубай кирип кеткен колуктунун жарым саатка жетпей каза болуп калышы күтүлбөгөн окуя болгондуктан, күйөө эмне кыларын билбей калган. Андан кийин күйөө жолдош колуктунун агасына угузуп, тойдун камылгасында жүргөндөрдү дүрбөлөңгө салган.
Көрсө, колукту ооруган тишти толугу менен суурурда наркоз сайдырууну каалаган. Наркоздон кийин колуктуда реакция жүрүп кетип, эсин жоготуп койгон. Дарыгерлердин жаналкетке түшкөнүнө карабай каза болуп калган.