Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоону таза өткөрсө болобу? Албетте, ал үчүн...

Шайлоону таза өткөрсө болобу? Албетте, ал үчүн...

27-сентябрь, 22:27
1 411 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо өнөктүгү башталып калганына байланыштуу жазып жаткан олуттуу иштеримди токтото туруп, бул маселеге да аксакалдык сөзүмдү кошуп коюшту инсандык парзым деп сезем. Анткени өткөн “падышанын башын жеген” шайлоону да утурлай “Азия Ньюс” гезитине (14.03.2019) “Конституция менен Шайлоо кодексин оңдоодон башка зарыл жумуш жок” деген макалам жарыяланган эле. Анда аталышы эле айтып тургандай, “Конституцияны оңдоонун зарылдыгы, бизге кандай башкаруу системасы керектиги, Шайлоо кодексте кантип акчалуулардын жолун тосуп, интеллектуалдарды алып келсек болот?” деген сыяктуу маселелер каралган болчу. Кийинчерээк ушул эле гезиттин 2019-жылдын 14-ноябрдагы санына чыккан “Акаев айткан мезгил эми келди” деген аталыштагы макаламда “акчасын алып, татыктууларга добуш бергиле” деген макалада президентке “өзүңүз жан тарткан партиялар таза иштесин” деп кайрылып, мындай деп жазыптырмын: “...ою пас, аткошчу, сөз кошчуларыңызды угуп, “бизге караштыкты” өткөрөм” же Атамбаевдей болуп ар бир партиянын тизмесин түзүп, “бул биздики, тиги болсо душман” деп кайсы бир партияга жан тартам десеңиз эле иштин бүткөнү. Эл муну кечирбейт” деп көрөгөчтүк кылган экенмин. Анан иш жүзүндө ошондой эле болду да. 

Ал эми “Пандемия мезгилиндеги шайлоо – альянстардын маалы” деген аталыштагы үчүнчү макалам шайлоодон бир-бир жарым ай мурдараак (20.08.2020) жарыяланган. Анда президенттин өзүнүкү жана инисиники болуп, бир топ саясый күчтөр эки партияга биригишкени жана “президенттен добро алдык” деп жандай чапчулар тууралуу кеп болуп, шайлоонун таза өтүшүнөн үмүт үзүлүп, мындай тамамдалган экен: “...жаңы формациядагы адамдардын чоң тобу бийликке келип, Икрамжан Сатарович тандаган депутаттардын, үлкөн чиновниктердин ордуна улут үчүн күйгөн, колу-жолу таза адамдар келип, бейиштей болгон өлкөбүз өсүп-өнүгүүгө бет алса экен, эгер андай болбой, азыркы темп менен кетсе, жыйынтыгын болжош кыйын” деп. 

Жыйынтыгы баарыбызга маалым, “шайлоо таза өтпөдү” деген элдин биринчи толкунунда эле президенттин “оң жак, сол жагында туруп намаз окугандар” кара жандарын калкалап, Алматыга кире качышпадыбы! Мына азыр да байкап отурсаң, дагы эле мурдагы нук менен кетип жаткандай сезилет. 

Бу таңгаласың, эмне эле депутаттыкка жулкунушат? Ансыз булар өлөбү же турмушу өтпөй калабы? Көптөн бери эле болочоктогу парлементке дагы депутат болсом деген “чимкирик депутаттар” капчыктууларды же болбосо эски адаттары менен бийликтин короосун тегеректеп, “мен жардам бергенмин, эми бир эле жолу депутат болсом болду, башка кызмат бербей койду” деп жүрүшөт. Бул маанай Шайлоо кодесине кол коюлуп, шайлоо мөөнөтү белгиленгенден кийин күчөдү. 

Мындай кырдаалды коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов (05.08.2021) так билдиргендей болду: “Бүгүнкү бийликке элдин ишеними аз болуп жатканда, өлкөдө парламенттик шайлоо болгону турат. Бийликти колдон чыгарбаш үчүн бийлик үч саясый партияны парламентке киргизүүнү көздөп жатканы айкын болду. Булар “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Атажурт Кыргызстан”. Бийликке элдин ишеними азайып жатканда, бийлик “таза шайлоо өткөрөм” десе, аталган партиялар шайлоодо утулушат. Эгер шайлоо таза өтпөй турган болсо, шайлоодон утулган саясый партиялар буларга каршы элди көтөрүүгө барышы ыктымал. Ошондуктан, өлкөдө алгылыктуу өзгөрүү болбой жаткандыктан, бүгүнкү бийлик кантип бийликке келсе, ошол жол менен кайра бийликти тарттырышы мүмкүн... Себеби бүгүнкү бийликтин курамында элдин ишенимине арзыган бир да киши жок”. 

Эми ким эмне дебесин биздин эл башынан көптү өткөрүп, КМШ мамлекеттеринин бирине да окшошпойбуз. Анүстүнө биздин менталдык жагдайыбыз өзгөчө. Анткени биз ким-кимдин дос-жары, куда-сөөгү, ата-жотосу ж.б. беш колдой билебиз. Кичинекей элбиз, эч нерсени жашырууга да, элди алдоого да болбойт. 

Ошондуктан аталган үч партияны президенттин тегерегиндеги кимдер жетектеп, кимдер уюштуруп жатканы, анда кимдер кезекке туруп жатышканын да билебиз. Бул тууралуу ММКларда жана интернет айдыңында толтура маалымат. Бул иш-аракеттер өткөн шайлоонун алдындагы кырдаалды элестетпейби? 

Биз Конституцияны жана Шайлоо кодексин өзгөрттүк, эми эл кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Албетте, идеалдуу Конституция да, мыйзам да болбойт. Бирок ошол эң жаман мыйзам менен деле сонун шайлоону өткөрсө болот эле. Мурдагы президенттерде де-факто баардык бийлик алардын колунда эле – азыр эми бизде де-факто да, де-юре да – бийлик толук президентте. Демек, бизде – Кыргызстанда “куурайдын башы да президенттин амирисиз кыймылдабайт”. 

Ошондуктан жогоруда көрсөтүлгөн макаламдын биринде минтип жазгам: “Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиздин жаныңызда, оң жак, сол жагыңызда туруп намаз окуган, шойкомдуу иштерге аралашкан криминалдардын, чала молдолордун, азыр “отуңуз менен кирип, күлүңүз менен чыгып” жүргөндөрдүн сөзүнө кирсеңиз, “булар достор, тигилер душмандар” же “оппозиционерлер” дей турган болсоңуз, анда Акаев менен Бакиев, Атамбаевдерден эч айырмаңыз жок болот. Азыр тиги үчөө кайда, аларды тегеректеп жүргөндөр кайда экенин сиз жакшы билесиз. Ал эми шайлоону таза, кынтыксыз өткөрсөңүз, элдин эсинде бир да душманы жок бул дүйнөдөн өтүшкөн И.Раззаковдой, С.Ибраимовдой түбөлүк каласыз. Азыр заман өзгөрдү, маалымат-коммуникациялык технологиялар мезгилинде нускасы бир-эки миңден ашпаган өкмөттүк гезиттерди, КТРК деген “кара жашикти” эч ким көрбөйт да, окубайт да. Азыр Кыргызстанда алты миллион эл болсо, алардын колунда тогуз миллион телефон бар. Элди бир нече саатта эле пикирин өзгөртүп койсо болот. Ошондуктан эл менен болуңуз, алардын үнүн тыңшаңыз, суроо-талабын угуңуз, терең ой калчап, алардын каалаганындай чечим кабыл алыңыз. Ошондо сиз президенттик мөөнөтүңүздөн кийин да айыл чарбасын, региондорду көтөрүү боюнча коомдук ишмердигиңизди жасап, эл арасында аброюңуз азыркыдан да бийик болот. Бул менин аксакалдык сөзүм”. 

Бирок бул сөздөр “арык аттап, суу кечкен жок”. Азыр “эми кантип мурдагыдай болбосун үчүн таза, кынтыксыз шайлоо өткөрүш керек? Канткенде элибиздин басымдуу бөлүгүн ага ишендире алабыз?”. Мына ушул жагы негизги жана өзөктүү маселе болуп саналат. Бул шайлоо иштери боюнча бизде жана жакынкы мамлекеттерде, дүйнөлүк практикада бир топ тажрыйбалар бар. Анын баардыгын тизмелеп отуруунун зарылчылыгы жок деп ойлойм. Президенттен саясый эрк, шайлоого жулкунуп жаткан олигархтар, лидерлер, ошондой эле бежүгөн эже-карындаштар менен сүйлөшүүдө дипломатиялык билгичтик, негизгиси өзүнүн “шайлоону таза өткөрөм” деген каалоосу керек. Менимче, булардын баардыгы аракеттеги президентте бар деп ойлойм.

Эгерде биз мурдагыдай эле жол менен кетсек, журналист Баратбай Аракеев айткандай, болочоктогу парламентке уурулар, кыз зордуктагандар, соттолгондор, кримчөйрө менен байланышы барлар, элдин миллиондогон акчасын жегендер... иши кылып, таза коомго жолотпоочу “элементтер” келет. Бул бери эле дегендегиси, болбосо үч жолу болгон “революциянын” төртүнчүсү болуп кетпейт деп ким кепилдик берет?

 Азыр жаңы партияларды түзүп, “биз сизди колдойбуз”, “бийликти колдон чыгарбайбыз”, “сиз үчүн туруп беребиз”, “тигилерди сүрүп чыгарабыз”, “алар келишкис оппозиция” ж.б.д.у.с. “президентке жакшылык кылабыз, жардам беребиз” деп, эл массасын андан алыстатып, ортодогу ажырымды чоңойтуп жатышат. Мурдагы президенттердин баардыгында тең ушундай болгон. Ошондуктан алардын баарынын тагдыры жакшы болбоду. Жогоруда белгилегендей, шайлоону таза, адилет өткөрүүнүн жолдору бар. Эл мурда “Парламенттик республика” деп, эч ким эч нерсеге жооп бербеген мезгил эле, азыр эми Конституцияга киргизилген өзгөртүү боюнча президент баардыгын өз жеке мойнуна алып жатпайбы! 

Бирок алгач “Парламенттик республика курабыз” деп баардыгыбыз түп көтөрүлө: “Эми кокту-колоттук психологиядан кутулабыз”, “эл-журтка башы көрүнгөн, интеллекти бийик адамдар парламентке келет” деп (анын арасында мен да бар) айтып-деп, жазып чыкпадык беле? Көрсө, партия лидерлеринин бизнеси менен Аракеев айткан “элементтер” келип каларын билген эмес экенбиз. Биздин жомоктордо айтылган адилеттүү, бай, адилет хан дегендей, эгерде Садыр Жапаров ушул шайлоону адилеттүү өткөрсө, анда кийинки кезде политологияда пайда болгон “управляемая демократия”, “авторитарная демократия” деген категорияларга туура келет. Демек, азыр ачыктык, чындык, адилеттүүлүк, мыйзамдуулукту орнотсок, элге бийликке болгон ишенимин кайтарган болор элек. Болбосо, күндөн-күнгө ишеним азайып бараткансыйт.

Аягында, бир сөз менен айтканда, кезектеги коомчулук үмүттөнгөн шайлоону таза өткөрсө болобу? Болот, ал үчүн... Бирок, айтыла турган, айтылбай турган, жазыла турган, жазылбай турган жолдору көп. Негизгиси президенттин бул жааттагы иш-аракети коомдук пикирге дал келип, көпчүлүктүн көксөсүн суутуш керек. 


Жолборс Жоробеков

P.S. Бир мандаттуу округдардан кимдер чыгары жана партиялык тизме жарыялангандан кийин мурдагысында кайсы “чимкирик” кайсы партия менен депутат болгону, былтыркы таза өтпөгөн шайлоодо кайсы партия менен шайлоого барганы, азыр эми “көп эрден чыккан аялдай” кайсы жаңы партияга өткөнү жөнүндө кенен материал даярдалууда. 


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер