Нурланбек Шакиев кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн көрсөттүбү?


Өткөн жумада Бишкектеги магистралдын Орок айылы тараптагы айланма жолуна айтылуу Аксыдан чыккан тарыхый инсан Нүзүп бийдин айкели тургузулду. Анда Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу, министрлер кабинетинин төрага орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана башка бир топ үлкөндөр катышты. Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн спикер тарых барактарында Нүзүп бий «аталык» деп аталып келгенин айтып, Камчыбек Кыдыршаевичти бүгүнкү замандын аталыгы катары сүрөттөп жиберди. Буга коомчулук терс пикирин билдирип, «Ташиев аталык болсо, анда Шералы хан ким? Шады ынак Шакиев өзүбү?» дегендей суроолорду соцтармактан жамгырдай жаадырышты. Аныгында, “Нурлан мырза бул сөздү жөн жерден айткан жок, мандем бар” дегендер да чыгышты. Бирок, түпкүлүгүндө кошоматчылык буруксуган Шакиевдин айткан сөзү тымызын кайраштырууга багытталган эмеспи? Сымаптай кылтылдаган Тургунбек уулу бүгүнкү күндө жагымпоздуктун жогорку үлгүсүн көрсөттүбү?
"Азия Ньюс" гезити











