Акылбек Жапаровдо Кумтөрдөн берки компроматтар барбы?

Буга чейин Акылбек Жапаров чет өлкөлөрдө эс алып жүргөнү кабарланган. Эл арасында салыктагы коррупцияланган миллиарддар боюнча качан жооп берери айтылып, көпчүлүк күтүп жаткандай. Тилекке каршы, жакындары кызык кепти чаргытууда. Акылбек Жапаровдо да компроматтар бар экени, эгер аны камаса Кумтөрдөн берки көп сырларды ачып салабы? Ушул суроонун учугу менен бүйүр кызып, “мага тийсең балээге каласың” дегендей ишаратты эмнеге кылтыйтууда? “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Акыры баары ачыкталат эмеспи. Бирок экс-премьер-министрдин камырдан кыл сууругандай сыртка чыгып кетишине таңгалгандар арбын. Камакка алынган салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваповду түз көзөмөлдөгөн Акылбек Жапаров болсо, 3,2 миллиард сом уурдалганы маалымдалып атса, жоопкерчилик маселеси каралышы керек да, туурабы? А чет өлкөлөп кеткенине караганда, чын эле ишенгени “көзүрү” бар окшойт...
"Азия Ньюс" гезити