Эт азыктарын көп колдонуу өмүрдү кыскартабы?
Эт азыктарын колдонуу адам өмүрүн кыскартат. Мындай жыйынтыкка окумуштуулар 16 жылдык изилдөөдөн кийин келишкен. Алардын изилдөөсү "JAMA Internal Medicine" журналына жарыяланган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышкан.
Маалыматка ылайык, АКШнын улуттук онкология институтунун окумуштуулары дээрлик 16 жылга созулган изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөгө 50 жаштан 71 жашка чейинки 416 миң 104 адам катышкан. 179 миң 68 аял жана 237 миң 30 эркек киши 1995-жылдан 2011-жылга чейин күнүмдүк рационунда колдонгон азык-түлүктөрүнүн тизмесин окумуштууларга берип турушкан. Катышуучулардын жарымы чоң шаарларда жашаса, жарымы айыл жергесинде жашашкан.
Бул узакка созулган изилдөөнүн натыйжасында, эт азыктарын күнүмдүк рационунда көп колдонгон адамдардын ичинен каза болгондордун саны 5 пайызга көп болгон. Ал эми эт азыктарын колдонбогон адамдарда жүрөк кан тамыр оорусу бар болгон учурда да каза болгондордун саны 11-12 пайызга төмөн болгону байкалган.