Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илгиз Шаменов: «Кыргызстанда балык өндүрүү кирешелүү бизнес»

Илгиз Шаменов: «Кыргызстанда балык өндүрүү кирешелүү бизнес»

24-октябрь, 00:34
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстандагы балык чарбасы кандай өнүгүүдө? Бул кирешелүү тармакка киреби, экспорттун көлөмү канча?

-- Өлкө боюнча 500гө чукул балык чарбалары бар. Мунун ичинен 100гө чукулу ири чарба болуп эсептелет. Алардын эң көбү Чүй облусунда жайгашкан. Ошто, Жалал-Абадда жана башка аймактарда дагы бар. Азыркы учурда балык чарбалары   экономикага өтө чоң пайда келтирип, экономиканын бир бутагы болуп калды десем жаңылбайм. Себеби, ушу тапта жылына 20-25 миң тоннага чейинки көлөмдө балык экспорттолууда. Бул өтө чоң көрсөткүч, мындан милларддаган акчалар экономикага сырттан башка валюта менен кирип жатат. Экинчиден, балык чарбасы абдан кирешелүү бизнес. Экспортко багытталган продукция болуп эсептелгендиктен пайдасы абдан жакшы. Импорт дээрлик жок, өзүбүз өстүрүп, ички рынокко дагы сатабыз. Майда чарбалар ички рынокко сатышса, чоң чарбалар экспортко кетиришет. Экспорттун басымдуу бөлүгү Россияга чыгат. 

-- Өзүңүз канча убакыттан бери балык өндүрөсүз? 

-- Биздин балык чарба Чүй облусунун Панфилов районунда, Кара-Балта, Токмок шаарларында жайгашкан. Айына миллиондогон икраны инкубация кылып, республикадагы баардык чарбаларды балыктын чабактары менен камсыздайбыз. Бир жылда 15-16 миллион балыктын уруктарын реализация кылабыз. Мындан сырткары, 200-300 тоннага чукул балыкты экспортко чыгарабыз. Балык өндүрүү айыл чарба продукциясы болгонуна байланыштуу мамлекет тарабынан салыктан бошотулган. Бул балык өндүрүүчүлөр, фермалар үчүн чоң жеңилдик. Анткен менен жер салыгы сыяктуу салыктарды төлөп турабыз. Балык чарбасы көп адамдарды жумуш менен камсыз кылат. Өзүңүздөр билгендей, ар бир жумуш орундун артында 4-5 адам, бир үй-бүлө багылышы мүмкүн. Ушул жагынан алып караганда, балык өндүрүүчүлөрдүн пайдасы жакшы. Маселен, биздин чарбада 20дай адам иштейт, 30 же андан көп адамды иш менен камсыз кылган фермалар дагы жок эмес.  

-- Тоют маселеси кандай чечилет? «Импорт жок, экспорт чоң» дедиңиз, бизде өндүрүлгөн балыктардын өзгөчөлүгү эмнеде?

-- Азыркы күндө Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, Казакстанга экспорттолуп жатат, бирок 90 пайызы Россияга сатылат. Тоют ар кайсы мамлекеттерден келет. Дания, Польша, Финляндия, Россия, Казакстан ж.б. Кыргызстанда өндүрүлгөн балыктар башка мамлекеттердикине салыштырмалуу абдан даамдуу болот, мунун эң негизги себеби – биздин суубуз да. Мөңгүнүн таза суусунда өскөн балыктар даамдуу келет, ошол себептен дагы кардарлардын саны арбын. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер