Асел Кодуранова: “Кой-Таш окуясына УКМК менен ИИМдин кызматкерлери күнөөлүү”
-- Асел айым, Кой-Таш окуясы боюнча сот бүтчүдөйбү? Кайсы жагдайдасыңар?
-- Ирина Карамушкинанын жактоочусу мурунку судья Марат Сыдыковго ишеним көргөзбөө каты менен кайрылып, ал судья өз каалоосу менен баш тарткан, ишти алпаруусун токтоткон. Азыр башка сотту күтүп атабыз. Ал жакта электрондук система экен. Кимге түшөрү азыр белгисиз. Жаңы сот дайындалганда чакырат өңдүү.
-- Алмазбек Атамбаевдин Батукаев боюнча соту эмне болду?
-- 16-ноябрь күнү каралмак. 30-ноябрга жылдырып коюптур.
-- Кой-Ташчы?
-- 18-ноябрда шаардын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция маселесине байланыштуу иш биринчи жолу ачык форматта каралды. Буга чейин жабык эшик артында болуп аткан. “Алмазбек Шаршеновичти көрөлү” деп келген карапайым эл да көп болду. Раиса жеңебиз менен жүз көрүшкөнгө уруксат берди. Алмазбек Шаршенович сотко катышып жаткан айыптоочу тарапты толук четтетүү тууралуу өтүнүч киргизди эле, сот Мирлан Термечиков мурунку президенттин өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Иши кылса, кашасы чыгып калды, эмне дешти деле билбейбиз...
-- Атамбаевдин ден соолугу, абалы кандай экен?
-- Ал киши №47 колонияда отурат. Ден соолугу жакшы эле. Кантсе да таза абага маал-маалы менен чыгууга болот экен.
-- Азыркы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тараптан кысым барбы, байкай алдыңбы?
-- Азырынча андай кысым болгон жок. Биз айттык, “сот ачык өтсүн, биздин күнөөбүз жок экенин далилдеп беребиз” дедик. Кой-Таш боюнча ошол кездеги УКМК менен ИИМдин кызматкерлеринин күнөөсү болгон.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити