Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эл эмне дейт?” деп жатып, жакшы күйөөдөн куру каламбы?

“Эл эмне дейт?” деп жатып, жакшы күйөөдөн куру каламбы?

07-сентябрь, 11:53
1 758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына төмөндөгүдөй кат келген:

“Саламатсыздарбы! Сиздердин “Айым сыры” мага абдан жакты. Айымдардын көбү жашоодо ар кандай суроолор менен кайрылып атышкандарын окуп жатам. Мен эки балам менен ажырашып кеткениме беш жылдан ашты. Балдардын атасы Россияга иштеп кетип, ошол жактан келбей жүрүп ажыраштык. Азыр башка аял алып алды дешти. Кайын журтум менен деле таптакыр катышпайм. Бирок, жаздан бери кызыктай окуяга кабылдым. 

Күйөөмдүн бир тууганы, тактап айтканда, улуу агасы кыштан бери анда-санда келип, балдарга каралашып жүрчү. Балдарыма ар кандай белектерди сатып берип, эркелетип кетчү. Жумуштан келсем алардын маанайы жакшы болуп калганын көрүп, жөн койчумун. Өзү ээр чаап, жылкы кармап, жер иштетет, дыйканчылык кылат. Сокулукта турат. Сүрөттү жакшы тартат. Анан жазында келип “жеңең менен ажыраштым, эки кыздан башка төрөбөй койду, эркек баласы жок өтмөк белем, кыздар чоңоюп күйөөгө кетет” деп менин колумду сурады. Шок болдум. Анын айтымында, эркек балдарга ата керек экен жана дагы уулдуу болгусу келет имиш, “башкадан көрө тууганбыз да” дейт. Апама, сиңдилериме айтсам “эл эмне дейт кокуй алат, кой эле кой!” деп ачууланып жатышат. Ошондон бери телефон номеримди өзгөртүп, башка квартирга көчүп, жашырынган жашоодо жүрөм. Чоочун бир эркектин төбөсү көрүнсө, ошол эмеспи деп жүрөгүм оозума кептелип калат. Бир четинен ойлосом, андай оокатка бүйрө, ичпеген, чекпеген, балдарга күйүмдүү кишини кездештириш кыйын. Салт жагын ойлосом дегеле ойго келбеген окуя болууда. “Эл эмне дейт?” деп жатып, жакшы күйөөдөн куру каламбы деп да ойлоном. Кандай кылсам болот, кеңеш бериңиздерчи?” деп жазды Айгүл.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер