Улуттук нарк менен тарбияланган муун мамлекетибиздин рухий пайдубалын бекемдейт

(Башы өткөн санда)
Изилдөөлөр бүгүнкү өспүрүмдөрдүн кечээки ата-бабаларындай өз өлкөсү жөнүндө эмес, көбүнчө өз керт башынын маселелери жөнүндө ойлонуп, турмушка коммерциялык, прагматикалык мамиле тарабына, материалдык кызыкчылык жагына ооп баратышкандыгын ачыкка чыгарууда. Социологиялык изилдөөлөрдүн далилдеринен мисал келтирели. Маселен, балдар бүгүн моминтип ойлонушат:
«Мен шаардын сыртында дем ала турган үйлүү болууну каалар элем.
Мен үч кабаттуу жеке үйлүү болууну каалар элем.
Мен миллион акчалуу болууну каалайм.
Мен BMW машиналуу болууну каалайм.
Мен төрт кабаттуу үйлүү болууну жана дүйнөдөгү эң бай адам болууну каалайм.
Мен бизнесмен болууну каалайт элем, себеби мен жакшы жашоо, «крутой» болуу жана шаарда, өлкөдө «авторитет» болуу үчүн көп акча табууну каалайт элем». (Караңыз: Кыргызстандын окуучуларынын үмүттөрү жана кооптонуулары. «Кутбилим», 13.12.2013). Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөтүп тургандай, азыркы балдардын арасында маданий-руханий, адептик-ыймандык, атуулдук-патриоттук багытта ой жүгүрткөндөр негедир аз. Ырас, бирин-экин окуучу «мен эски кыргыздын ырларын кайрадан жаратууну каалайм», «мен президент болуп, өлкөмдү бай өлкө кылгым келет» деп жооп беришкен. Балдардын тилеги жакшы, бирок өспүрүмдөрдүн анкеталык жооптору негизинен «акча», «пайда», «бийлик, байлык», «жеке атак-даңк» сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде айланчыктап турат. Балдардын дүйнөсүндөгү мындай тенденция адеп-ыйман, руханият тарбиясынын кызыкчылыгынан караганда, кооптонууну жаратпай койбойт.
Дагы бир санаага салган тенденция жөнүндө кеп кылалы. Жаштарыбызда өздөрүнүн тагдырын бир тууган мекени, Ата-Журту менен бекем байланышта карабаган тенденция өсүп бара жатат. 2011-2012-жылдарда Кыргызстандын бардык жети областында социологиялык изилдөөгө тартылган 1410 жаш адамдын баалуулук ориентациясында «мекенчилдик» акыркы орундардын бирин ээлеген (8,3%). Жаштар өз өлкөсүнүн рухий мурастарын үйрөнүү жагынан да пассивдүүлүктөрүн көрсөтүшүүдө. Ошол эле социологиялык изилдөө жаштардын, мисалы «Манас» эпосун айрым үзүндүлөр түрүндө гана үзүл-кесил билерлигин аныктаган (Б.Романов, К.Исаев, С.Сыргабаев Кыргызстан жаштарынын социалдык бейнеси, Бишкек, 2012, 47-бет).
Борбор шаардын мектептеринде жана алыскы айылдарда жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолор бүгүнкү балдардын бир даарынын мектепти бүткөндөн кийин Россияга, Астанага жана батыштагы бай өлкөлөргө кетүүнү каалашкандыгын маалымдап отурат. Айтмакчы, кыздарыбыз Ата журтун таштап, массалык түрдө чет өлкөлөргө турмушка чыгып кетип жатышат. Караңыздарчы, улуттук статистикалык комитеттин маалыматында 2011-жылдын ичинде эле кыргызстандык 911 кыз чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан. Анын ичинен АКШга 35, Германияга 13, Түркияга 66, Казакстанга 53, Россияга 355, өзбекстанга 53, Тажикстанга 31, Кытайга 19, Түштүк Кореяга 151, Түндүк Кореяга 43 бийкеч күйөөгө чыккан. Бул расмий катталганы гана, а катталбаганы канча? Улуттук генофондубуз, демографиялык келечегибиз кандай болот?
Бул жагдайдан улам кененирээк ой чуркатып көрөлүчү. Жалпы эле бүгүнкү дүйнөдө, ааламда рынок, соода-сатык системасынын үстөмдүгүнүн шартында эл, мекен, журт кызыкчылыгы деген чоң түшүнүктөр урматталбай, ыйман, уят, абийир аттуу ыйык нерселер тебеленип, материалдык байлыктын культу өсүп, үлүлчөсүнөн «кабыгынын» ичине кирип кеткен өзүмчүл, индивидуалист жандар көбөйүп, акчага, алтынга, көрдүнүйөгө жүгүнүү күчөөдө. Америкалык илимпоз Кольберг «Турмушка өзүмчүлдүк, пайдакечтик, жалаң бухгалтердик, коммерциялык, технократиялык мамиле Европа менен Америкада өзүнчө бир улуттук ооруга айлангандыгын» тынчсызданып жазат. Цивилизациянын мындай терс илдеттеринин белгилери биздин Кыргызстанда да пайда болду.
Ырасында эле, бүгүн дүйнөлүк постиндустриалдык өлкөлөрдө баягы илгеркидей эмоцияга, агыл-төгүл ак жаркын сезимдерге, мээримге жана сүйүүгө негизделген адамгерчиликтүү, гумандуу айкөл адеп-ахлактын берекеси кеттиби? Освальд Шпенглер бир кезде «Закат Европы» деп, Батыш маданиятынын кризиси жөнүндө бекеринен китеп жазбаган белем. Андай болсо, Кыргызстандын жаш муундары жанагы Кольберг какшап айтып жаткан, Европа бүгүн тушугуп турган коммерциялык-прагматикалык технократиялык-индивидуалисттик деп аталган социалдык көйгөйлөрдү кайталоочу жазмышты карай бет алып турабы? Тоолук муундарга ушундай перспектива керекпи? Эгерде коколой баштын кызыкчылыгын туу туткан, турмушка пайдакечтик, жалаң бухгалтердик, коммерциялык мамиле мындан ары карай күч алып жүрүп отурса, анда бара-бара кыргыз баласынын ичинде карандай кургак рационализм гана калып, акыры жан дүйнө куу чегедектей куурап, адамдан адам жоголуп, рухий маданиятыбыздын түркүктөрү урап түшүшү мүмкүн. Техникалашкан, рационалдашкан, коммерциялашкан Батыштын тажрыйбасы бизге улуттун, муундун руханий, адептик-ыймандык саламатчылыгы жөнүндө эмитен олуттуу ойлонууну, экономикалык, материалдык-техникалык пайдубалды түптөп жатып, руханий-моралдык пайдубалды да кошо түптөөнүн: бул эки башталманын тизгинин таалим-тарбияда ажыратпай бирдей алып жүрүүнүн зарылдыгын каңкуулап айтып турбайбы.
Ушуга удаа бир нерсени айта кетели. XX кылымдын аягында Япониянын окумуштуулары «40-50 жылдан кийин Япония мамлекетине жаштар тарабынан коркунуч туулат» деп өкмөткө маалымат беришиптир. Анткени изилдөөлөр соңку муундардын самурай рухунан улам алыстап, акчаны, ойноп-күлүүнү, жыргалды, саякатты, жеке кызыкчылыкты алдыңкы планга коё баштагандыгын көрсөткөн. Окумуштуулардын билдирүүлөрүнөн кийин япон өкмөтү жаштарды патриоттук духта тарбиялоону күчөтүү жөнүндө атайын токтом кабыл алган. Руханий баалуулуктар ориентациясынан ажыраган, маданияттан оолактаган, пайда чыккан жердин кулу, күн тийген жердин күкүгү болгон дүнүйөкор, эгоист жаштар Кыргызстандын да болочогу үчүн кооптуу. Кыргыз мамлекети жаш муундарын өзү көздөгөн идеалдардын жана принциптердин нугунда тарбиялоого эртерээк кам көрүп, өзүнүн социалдык процесстерди жөнгө салуучу, көзөмөлдөөчү функциясын так орундоого тийиш.
Ушундай кырдаалда өлкөнүн президентинин «Манас», «улуттук нарк», «Инсанды рухий-адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү» жөнүндөгү жарлыктарынын жарыяланышы, булардын негизинде улуттук программалардын кабыл алынышы коомубуз суусап турган таалим-тарбиянын муктаждыктарына шайкеш чыгып турат. Өйдө жакта кыска-нуска аталып өткөн ата-бабаларыбыздын «канында» жашап, сансыз жылдарды аралап, «белес-белден бороондоп, беш удургуп өтүп» келген кыргыз рухунун, Манас рухунун уңгулуу, күнүмдүккө эмес түбөлүктүүлүккө эсептелген кенчтери таалим тарбия үчүн багыт-маяк, соолгус булак-көрөңгө, түгөнгүс гүлазык-ресурс, этикалык-философиялык база. Бул нарктарды окуу-тарбия ишине мобилизациялап, жаштарыбыздын алдында чырак кылып жагып, маңдайына жылдыз кылып күйгүзүп турушубуз зарылдын зарылы. Практикадан бир мисал. Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда «Манас таануу» боюнча 34 сааттык курс аяктагандан кийин студенттер аталган сабак жөнүндө өздөрүнүн ички ой толгоолорун дилбаян түрүндө жазышкан эле. Студенттердин ошол ой-толгоолорун айрым үзүндүлөрүн алдыга тарталы: «Манас сабагынын мага калтырган таасири өтө чоң болду. Менин элиме болгон патриоттук сезимимди күчөтүп, ички дүйнөмө бүлүк салып, «ойлон кыргыз, ойгон кыргыз» дегендей, ичимдеги катылып жаткан энергияны ойготту. Менин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Көп нерсеге кызыгуу менен карап, бир гана күнүмдүк тиричилик жашоо менен алышпай, элим үчүн, жерим үчүн кызмат кылгым келет деген кыялдарым алоолонду» (Имер кызы Айпери). «Манас сабагынын» предмет катары расписаниеге кошулушуна мен ыраазымын» (Усенова Уркуя). «Манас сабагын угуп отуруп, ошол каармандарга аралашып, кадимкидей көз алдыма элестетип, көзүмөн жаш тегеренген күндөр болду. Мен «Манас таануу» сабагын 5-курска чейин кирсе дейм» (Жумакунова Асел). «Манас сабагынан кийин менин патриоттук сезимим мурдагыдан да күч алды» (Жайлообек кызы Сайкал). «Манас сабагы биринчиден мендеги патриоттук сезимди күчөттү, мекенибизге болгон сүйүүмдү ойготту жана ошондой эле алтындан кымбат жерибизди сактоого, кайтарууга түрткү берди. Бизди тарбиялап, окуткан Байгазиев Советбек агайыбызга чоң ыраазычылык билдиргим келет» (Орокбаева Кенже). «Дагы баса белгилеп кетчү нерсе, Манас атабыздын анты ушунчалык чоң таасир берди десем эч жаңылышпайм. Антынын ар бир сабы демге дем кошуп, айкөлдүккө үндөйт. Манас таануу сабагы биз үчүн, б.а. азыркы жаштар үчүн керектүү деп ойлойм, ушул сабакты акын, академик Советбек Байгазиев агай бизге бергени мен үчүн чоң бакыт. Ушул агайдай Манасты түп тамырынан бери билген (адамдар) инсандар көбөйсө албетте жакшы болот эле» (Казыбекова Айжамал).
«Манас сабагы» жөнүндө ой-толгоолорун жазышкан 100дөн ашык студенттин дээрлик 95 пайызы аталган предмет боюнча ушундайча ойдо экендигин көрүү жагымдуу болду. Чындыгында эле, эгер терең окутулса, улуу «Манас» эпопеясынын нарктарынын жаштардын жан дүйнөсүнө жана аң-сезимине таасир кылуу мүмкүнчүлүгү күчтүү экендиги студенттердин дил баяндары ырастап турат.
Эгер улуттук асыл баалуулуктар үй-бүлө, бала бакчалар, мектептер, лицейлер, гимназиялар, колледждер, университеттер аркылуу кызыл сызык болуп алынып өтсө, ушул кенчтер ар бир адамдын көөдөнүндө жүрөк болуп дүкүлдөп согуп турса, анда мунун өзү улутубуздун жана эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздүн сакталышынын жана түбөлүктүү келечегинин гарантиясы, ошондой эле, элибиздин дүйнөлүк көчкө өз жүзү, өз колорити менен кошулуу кепилдиги болмок. «Улуттук көрөңгүсүз, элдик аңызсыз эч нерсе өспөйт жана эч кандай мөмө болбойт. Ар кандай мөмө-жемиш өсүш үчүн өзүнүн топурагы, өзүнүн климаты, өзүнүн тарбиясы болуш керек. Бутуңдун алдындагы бекем кыртышсыз алдыга ийгиликтүү жылуу мүмкүн эмес» (Ф.М.Достоевский).
"Азия Ньюс" гезити