Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоо үзгүлтүккө учурап, баарына каршы добуш берүү күтүлөбү?

Шайлоо үзгүлтүккө учурап, баарына каршы добуш берүү күтүлөбү?

19-сентябрь, 12:02
764 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Шайлоого аттанган партияларды жектегендер көбөйүп, баарына каршы добуш берүү демилгеси күчөп баратат. Мындай аракеттер канчалык деңгээлде ишке ашышы мүмкүн?” деген собол таштадык. Анын да себеби орчундуу көрүнөт. 

Мелис Карыбеков, көзбоочу:

-- Мен муну адистер менен сүйлөшүп көрдүм, “баарына каршы добуш берүү” дегенди. Кыргызстандын шайлоочулары ар бир шайлоодо болжол менен 1 млн. 800 миң адам өз добушун берет экен. Эгер ушунун элүү пайызы (900 миң адам) каршы берсе, шайлоо жараксыз болот. 900 миң добуш чогултуш абдан оор. 20-30 пайыз бериши мүмкүн. 400-500 миң добуш болуп жетпей калса, анда бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланып кетет. Бир мандат 18 миң добуш болгон болсо, эгерде 50 пайызга баарына каршы добуш жетпей калса, анда жылдагыдай болуп, бир мандат 15 миң добуш болуп калат. Ошондо алдына чыккан партияларга добуш кошулуп кете берет. Эл ичинде “баарына каршы добуш беребиз” дегендер толтура. Жакшы болмок, бирок, бул жаңылыштык болуп калышы мүмкүн.  

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

-- Бул ишке ашпайт. “Баарына каршы” деген шайлоочулар болушу мүмкүн. Алар чын-чынына келгенде, жалпы шайлоочулардын 1-1,5 пайызын түзбөй калышат. Ишке ашыш үчүн 50 пайыз шайлоочулар каршы добуш берүү керек. “Бийликчил партия” дейбизби, же “бийлик өзү түртүп аткан партия” дейбизби, мына ошолор 30-40 пайыздын тегерегинде алышат. Себеби, бизде бюджеттегилер, армиядагы аскер адамдары бар, ошолор аркылуу эле добушту алышат. “Баардыгына каршы” деген добуш 50 пайыздан ашпайт, мүмкүн эмес. Демек, бул жолу деле шайлоо өз нугунда өтмөкчү. 

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер:

-- Мен да талапкер катары шайлоого катышып, Жалал-Абад шаарында жүргөн кезим. Эл ичинде “баарына каршы” добуш берчүлөрдүн саны көбөйүп атканы байкалууда. Бирок, алардын добушу маселе чечпей калат го? Натыйжасын бериш үчүн биздин мыйзамдарыбыз жооп бербей калышына шарт бар. Алар “жөөтчүл”, арамза иштелген мыйзамдар. Эгер 51 пайыз каршы берсе, шайлоо жокко чыгыш керек эле. Ал жерде кээ бирлери так эмес экен. Мындайча айтканда, канча пайыз берилгенине карабастан алдына чыккан партиялар, 7 пайыздык босогодон өткөндөр Жогорку Кеңешке депутат катары өтүү мүмкүнчүлүгү баары бир сакталып калган. Ошондуктан бул жерде талаштуу маселе мыйзам жагында да бар. Мыйзам бузуулар аябай көп болсо, элдин нааразычылыгы күчөп турса, шайлоонун аягы эмне менен бүтөрү белгисиз. Болгону жакшылыкка ниет кылалы.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер