Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыргак молдо буттарыман сылап, моюнуман жыттап жиберди...

Сыргак молдо буттарыман сылап, моюнуман жыттап жиберди...

22-апрель, 23:42
1 578 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айжан аттуу 28 жаштагы медайым кат жолдоптур. Кызыктуу экен. Бирок, биз ырааттуу түрдө кыскартып, кынаптап, окуянын ток этер жеринен берүүнү эп көрдүк. Эмесе, окуган адам кайдыгер калбаса керек...

Сыргак молдонун жүрөгү ооруп, биздин ооруканага келди. Башкы дарыгер капельница, укол жазып берип, мага тапшырды. Күндө бир маал келип кетмей болду. Биринчи күнү тийешелүү процедураны жасадым. Ал көздүн кыйыгы менен акырын карап, кызыктуу окуялардан айта баштады. Көп сүйлөт экен. Мен жөнүндө да сурап, ар бир нерсеге ынтызарлыгын байкатты... 

Эртеси күнү жылуу учурашып, сакалын сылап күлмүңдөйт. Капельница коюп атсам, акырын буттарымды кармалап жиберди. “Ой, эмне кылып жатасыз?” дедим. “Кечирип кой карындашым, тийип кетти...” деп койду. Бирок анын кругозору, заманбап диний аалым экенине баа бердим. Мен да суроолорду берем, берилүү менен жооп кайтарат... 

Ошентип, күндө укол сайып, капельница коем. Кезектеги күнү мен этеги кыска халатчан элем. Сыргак молдо сандарыман сылап, моюнуман жыттап алды. Сакалдары кытыгылап жиберди. “Сиз кандай адамсыз?..” дегенче эле кайра-кайра кечирим сурады. “Жабыша берсеңиз башкага барыңыз!” деп айттым. Ал ой-боюма койбой жалдырады. Кайра эле кооз сөздөр, атургай сүйүү жөнүндө да байыркы акындардын ырларын окуп берчү болду. Бир чети аны угуп отуруу кызыктуу. Анүстүнө, башкы дарыгерибиз да катуу тапшырган, “капельница койгондо жанында болосуң” деп. Ошол. Молдокебиз акыркы жолу капельницасын алгандан соң аябай суранды. “Кечинде чогуу тамактаналы?” деп. Мен болбой койдум. “Көйнөк сатып кий э?” деп акча да таштап кеткен. Күндө СМС жазып турат... Жолугууга чакырат. Ойго салды... 

Айжан, медайым

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер