Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыздарынын көзүнчө аялын зордуктаган киши 9 жылга кесилди

Кыздарынын көзүнчө аялын зордуктаган киши 9 жылга кесилди

07-декабрь, 17:32
1 127 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кемин районунун жашоочусу Мирлан, өспүрүм кыздарынын көзүнчө аялын зордуктаганы үчүн кылмыш жообуна тартылды.

Жайдын күнү, 20-августа Мирлан кечке маал үйүнө мас абалында келип, аялы Бактыгүлгө кол көтөрүп, сабаган. Андан кийин анын кийимдерин тытып, жылаңач чечиндирип, аны айбанча зордуктаганы айтылат. Ошол күнү түн ортосунда мас абалында аялы уктап жаткан бөлмөгө кирип, аны жулкулдатып ойготуп, ашканага сүйрөп барып, ал жактан да зордуктаган. Андан кийин кыздары уктап жаткан бөлмөгө алып барып, кыздарынын көзүнчө зордуктаганы айтылат.

Сотто Мирлан күнөөсун жарым жартылай мойнуна алып, өзүнүн көрсөтмөсүн берди. Ал кечинде жумуштан үйүнө келсе аялы Бактыгүлдүн тууганы Таалайдын машинасы короосунда токтоп турган экен. Мирлан үйүнө келгенде анын досу чакырып, кетип калат. Досунун үйүнөн келсе аялы Таалай келип кеткенин айтат. Аялынын тууганы келгенине кызганган Мирлан экөө уруша кетишет. Ошол учурда Таалай Бактыгүлгө телефон чалып, үйгө бир нерсе унутуп калганын айтса, күйөөсү кызганып, экөөнүн ортосунда уруш чыгат. Соттолуучу Нурбектин айтымында аялы Бактыгүл Таалай менен эки жолу интимдик катнашта болгон экен. Бирок, Бактыгүл аны мойнуна алган жок.

Ошондон кийин  Мирлан эшикке чыгып бир бөтөлкө арак алып келип, аялы экөө ичип, андан дагы кимдер менен интимдик катнашта болгонун алдап сураган. Бактыгүл ошол Таалай менен жана дагы Жоомарт менен болгонун айтканда Мирландын жини келип, аялын зордуктаганын, сабаганын мойнуна алды. 

Ал эми Бактыгүл эч ким менен жакындашпаганын айтат. 

Сот учурунда Бактыгүл күйөөсүн аядыбы, жазган арызын кайтарып алуу аракетин жасап, күйөөсүн кечиргенин айтты. Бирок Кемин райондук соту Мирланды 9 жыл эркинен ажыратты. 

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер