Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте жол кире акысы 32 сом болобу?

Бишкекте жол кире акысы 32 сом болобу?

11-октябрь, 17:35
493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын кайрадан көтөрүү каралууда. Бишкек мэриясынан белгилешкендей, транспорт тармагында оор абал пайда болду. 2021-жылдын сентябрь айында тарифтер акыркы жолу кайра каралып чыккандан тартып, КММдын, запастык бөлүктөрдүн жана башка милдеттүү чыгымдардын наркы кыйла өстү.

Коомдук транспортто жол кире акысы 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык белгиленген, анда автобус жана троллейбустарда жол кире 8 сомдон 11 сомго, кичиавтобустарда 10 сомдон 15 сомго чейин көтөрүлгөн.

“Жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун иш жүзүндөгү өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кетти. Натыйжада, транспорт ишканаларында жүгүртүү каражаттардын жетишсиздиги, материалдар жана эмгек акы боюнча карыздар пайда болуп жатат. Транспорт каражаттарынын запастык бөлүктөрүн сатып алууга каражаттын жоктугу транспорттордун каттамга чыгышынын кыскарышына, жүргүнчүлөрдүн күтүү убактысынын көбөйүшүнө, ошондой эле шаардыктардын коомдук транспорттун иши боюнча даттанууларынын көбөйүшүнө алып келди” деп билдиришти мэриядан.

Ошол эле учурда ведомство жол кире акысынын көтөрүлүшү жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугуна оң таасирин тийгизет деген ишенимде. Учурдагы жол кире акысын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, мамлекеттик, муниципалдык бийлик органдарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.

Мамлекеттик жөнгө салуунун 3 варианты каралууда:

1. Баарын кандай болсо, ошондой калтыруу.

2. Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун белгиленген жол кире тарифтери менен кабыл алуу:

-- муниципалдык коомдук транспортто – 15 сом;

-- жеке ташуучулардын бардык класстарындагы автобустарда – 22 сом

-- кечки тариф – 32 сом.

3. Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорун муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн тарифтерди белгилөө менен кабыл алуу:

-- автобустар – 16 сом;

-- троллейбустар – 14 сом;

-- бардык жеке ташуучулардын автобустарында – 26,5 сом;

-- кечки тариф – 32 сом.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер