Расул Умбеталиев: “Алтын казган ишканаларга тарифти 1 кВт/саатын 10 сомго көтөрсө болот”
-- Бүгүнкү күндө энергетика тармагы жаңылоого муктаж экен. Анын 80%ы эскириптир. Демек, бул тармакка 30 жыл көңүл бурулган эмеспи?
-- Бүгүнкү күндө энерготармакты кескин түрдө реформа кылуу керек. Жаңы түзүлгөн энергетика өнөр жай министрлигине энергокомпаниянын 81 пайыз мамлекеттик үлүшүн өткөзүп бериши шарт. Улуттук энергохолдингди жоюш керек. 30 жылдан бери энергетикага көңүл бурулган эмес. Бул тармакка саясатты аралаштырып коюшкан. Жетекчилери партиялык тизме менен дайындалып келген. Амортизациядан түшкөн акча каражаттарын башка жакка жумшап коюшкан. Албетте, керектүү эң негизги жабдуулар жаңылоого муктаж.
Бирок, акыркы 10 жылда энерготармакка 1 млрд. 700 млн. доллар насыя алынган. Энергетикага мурунку өлкө башчылары кайдыгер мамиле жасап, мыйзамсыз акча каражат алып, коррупцияны гүлдөтүп жиберишкен. Ошентип, бул система коррупцияга аралашкан тармак болуп калган.
-- Калктын саны өсүп атат. Аны менен бирге электрге болгон муктаждык күч алууда. Бул системадагы коррупция тууралуу да айтып өттүңүз. Деги эле көп көйгөйдү эске алсак, аны натыйжалуу чечүүнүн жолдору кандай дейсиз?
-- Жыл сайын калктын саны 120-140 миңге көбөйөт. Курулуштар 10-15 пайызга өсүүдө. Бүгүнкү күндө өндүрүп аткан электроэнергиянын көлөмү пайдаланган көлөмдөн аз болуп жатат. 30 жылдан бери бир дагы чоң, ири ГЭС (Камбар-Ата–1, Камбар-Ата–2ден башка) курулган жок. Тереңдеген кризистен чыгуу кескин түрдө ушул Камбар-Ата–1, Камбар-Ата–2, Жогорку Нарын, Көкөмерен, Суусамыр, Сарыжаз ГЭСтерин куруп, Токтогул суу сактагычында техникалык сууну туура пайдаланып иштетүү абзел. Коңшу мамлекеттерге элетроэнергияны дүйнөлүк баа менен сатууну жолго коюш керек. Суу аз мезгилде сууну бош агызууну токтотуу да маанилүү. Суу-энергетикалык ресурс жана баланс өлкө үчүн иштеши абзел.
-- Электрди өндүрүүнүн альтернативдүү булактарына басым жасоого болобу? Бул тармакты реформалоого канча убакыт керектелет?
-- Альтернативдүү электроэнергияны өндүрүү булактарын изилдеп жана тактап чыгыш керек. Күндүн нурун, шамалдын күчүн, көлдүн толкундарын пайдаланса болот. Бирок эң арзан, таза жана коопсуз электроэнергияны өндүрүүнүн жолу болуп суу-энергетикасы эсептелет. Реформалоого бир жыл эле талап кылынат. Ал үчүн стратегиялык программа иштеп чыгуу жетиштүү.
-- Тарифтерди кайрадан карап чыгууда кандай тоскоолдуктар бар? Негизи аны жолго салуу мүмкүнбү?
-- Тарифти өзгөртүү шарт. Социалдык тарифтин баасын көтөрбөш керек. Алыскы, тоолуу аймакта жашаган тургундарга социалдык тарифтин көлөмүн 2 миң кВт/саатка көтөрүү зарыл. Алтын казган ишканаларга жана майнинг компанияларга тарифти 1 кВт/саатын 10 сомго көтөрсө болот. Ошондо бул ишканарлар жана компаниялар жылына 500 млн. кВт/саат пайдаланат. Жалпы 5 млрд. сом кошумча акча каражат тапса болот. Мындан компаниялар зыянга учурабайт. Өздөрү буга макул. Булардын талабы – электроэнергия менен үзгүлтүксүз камсыз болуу. Дагы коммерциялык, техникалык жоготуулардын деңгээлин 3-4 пайызга азайтып, мамлекеттик алып сатууну ачык-айкын өткөзсөк, штаттарды 10-15 пайызга азайтсак, кошумча 2-3 млрд. сом үнөмдөсөк болот. Ушул кошумча акча каражат менен чоң көйгөйдү чече алабыз. Тереңдеген кризистен чыгып кеткенге кошумча жол ачылат.
-- Энергетикалык көз карандылыкка ээ болууда, долбоорлорду ишке ашырууда ички инвесторлордун кызыгуусу кандай?
-- Азыркы заманда ички инвесторлорго чакан ГЭСти курууга толугу менен шарт түзүлгөн эмес. Улуттук энергохолдинг жана электроэнергияны бөлүштүрүүчү компаниялар чакан ГЭСтерден электроэнергияны сатып алган жок. Алар менен кызматташканга кызыкдар эмес. Альтернативдүү энергияларды өндүрүү жөнүндө мыйзам күчүнө кирген. Бирок, аны аткарганга мамлекеттик ишканарлардын аракеттери жок. Бул маселе президенттин деңгээлинде чечилбесе болбойт. Энергетикалык көз карандылыкка ээ болуу үчүн чоң, ири ГЭСди куруш керек. Дайыма 1-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд. куб жана 1-октябрь айында 17 млрд. куб болушу абзел.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити