Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүнбек Касмамбетов, КР мамлекеттик катчысы: “Өмүрбек Абдрахманов төрт эле сап менен жандүйнөбүздү төңкөрүп салчу”

Сүйүнбек Касмамбетов, КР мамлекеттик катчысы: “Өмүрбек Абдрахманов төрт эле сап менен жандүйнөбүздү төңкөрүп салчу”

07-ноябрь, 23:31
1 117 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сүйүнбек ага, эгемендүү Кыргызстандын алгачкы жылдарындагы айрым көрүнүктүү калемгерлерге токтоло кетсеңиз?..

-- Мына, бүгүн журналистердин майрамы! Мамлекетүүлүгүбүздүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, калпыстык кылып, катардан калтырбай айта кетүүнү туура көрдүм. 

Кылчайнашып, кырга чыккан ошо 1990-91-жылдары учурга жараша улуттун көйгөйүн чагылдырган чыгаан журналисттерибиз болду. Адегенде эле Өмүке (Өмүрбек Абдрахманов) кер какшыкты, каймана сөздү катыра жазып, төрт эле сап менен жандүйнөбүздү төңкөрүп жаттыңыз. Ал кезде саясый сатира туралуу толук деле түшүнүгүбүз жок экен. Күнүгө эртең менен Акүйдүн тегерегиндеги бактарга (ватман) кагаздарга жазылып илинип калат. Ойлочу элек, ушу кишини качан кармап кетишет?” деп. Кийин гана саясый сатира жыйнак болуп чыкты. Өтө курч макалаларды байма-бай жарыялап турду.

-- Агезде Сабыр Муканбетов да “үйүр топко” аралашып жүрүп, кийин саясый талдоолорго өтүп кетти го?

-- “Карышкыр” каймана аттуу Сабырбек Муканбетовго токтолсок, ошол учурдагы “ысык” жаңылыктар ушу кишиде эле. Өлкөнүн булуң-бурчундагы кабарлар колунан чыгып, агездеги саясый күчтөрдүн тирешин кыйла эле чагылдырчу. Көп учурда элдештирип да койчу. Кийинчерээк саясый талдоо жаатына өттү. Азыр катарыбызда. “Эр азыгы элден, бөрү азыгы жолдон” дегендей, “Карышкыр” ачка жүрсө да намысын жогору койгон, беттегенинен кайра тартпаган эрдигин билебиз, баракелде!

-- Андан ары улай бериңиз?

-- Мелис Арыпбек замандашыбыз учурунда чет жердеги мекендештерибиздин көйгөйүн үзбөй кабарлап туруу боюнча алдына эч кимди салбады, чыныгы мекенчил, улутчул инсан!

Агездеги курч калемгер Кубан Мамбеталиев өзүнчө алкоого арзыйт, ошондой эле Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов, раматылык чыгаан редактор, таланттуу журналист Мелис Эшимканов, Табылды Эгембердиев, Бейшенбек Бекешовдор (ыймандары саламат болсун), Замира Сыдыкова, Кабай Карабеков мезгилдин мергениндей, таамай жазган таланттуу жазмакерлер эле.

Азыр башында биз турдук эле деп бири дагы төш какпайт! Учурда салабаттуу, салмактуу, сыймыктуу инсандарыбыз! Ошол оор жылдардагы замандын алгачкы жарчылары силер элеңер...


Асланбек Сартбаев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер