Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Конституциялык палата туура эмес иш жасаганын эч эстей албайм”

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Конституциялык палата туура эмес иш жасаганын эч эстей албайм”

28-февраль, 02:40
1 153 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тынчтык Ураимович, конституциялык палатанын судьялары алты жылда 97 чечим кабыл алыптыр. Ошондо ар бир судья он, он эки иш караган болот экен. Ошол эле учурда алардын ар бири эң кеминде 40 миң сомдон айлык алары тууралуу маалымат бар. Ушул туурабы?

-- Бул мыйзамдуу көрүнүш. Конституциялык палатанын судьялары менен жалпы соттордун жумушун бир карап салыштырганыбыз туура эмес. Себеби, жөнөкөй соттор жарандык иштерди, административдик жана кылмыш иштерин карайт. Ал эми конституциялык палатага биз нагрузкасы боюнча баа бере албайбыз. Анткени, алар качан гана Конституциянын талаптары бузулган учурда, же болбосо Конституцияга туура келеби, же келбейби (?) деп кайрылуулар түшкөн учурда гана карайт да. Андай кайрылуулар көбөйүп кетиши же азайып кетиши да мүмкүн. Ал эми айлык маяналары боюнча, ал мыйзамда көрсөтүлгөн. Мыйзам аткарылышы керек да. Мыйзамда көрсөтүлүп турса, демек, туура эле. 

-- Буга чейин депутаттар тарабынан “кээ бир учурда конституциялык палата өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетет” деген кыязда сындар айтылып келди эле. Кандай дейсиз?

-- Мен андай нерсени байкай элекмин. Конкреттүү факты болсо, анда ошонун тегерегинде талкууласак болот эле. Ал жерде коллегия карайт да. Он бир адам. Туура эмес нерсе жасашкандарын мен эстей албай жатам. Эгер андай болгондо биринчи чыгып айтмакмын. 

-- Бүгүнкү үч талапкер боюнча оюңуз кандай?

-- Үч талапкерди тең тааныйм. Үчөө тең татыктуу ошол кызматка барганга. Мен тажрыйбаны салыштырам да. Мына, он жылдан бери конституциялык палатанын сотторун шайлап келе жатабыз. Кээ бир учурларда талапкерлерди тааныбайсың, тажрыйбасы жок. Булардын болсо баарынын тажрыйбасы бар. Айрыкча Жумабаев Латип Пазыловичтин. Өтө абройлуу, профессионал юрист. Бул киши конституциялык палатанын аброюн көтөрөт, эч качан мыйзам бузуучулукка барбайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер