Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскүл ИЗАТОВА, акын: “Ааламда жалгыз калгансып, ыйлаган учурларым көп болот...”

Рыскүл ИЗАТОВА, акын: “Ааламда жалгыз калгансып, ыйлаган учурларым көп болот...”

13-октябрь, 15:08
1 553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулукта жаш акын кыз катары таанымал, маданий тармакта иш алып барган, таланттуу, жандүйнөсү дирилдеген акын кызыбыз, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык сынактын “Эң мыкты поэзия” номинациясынын ээси Рыскүл ИЗАТОВА менен күз жана жандүйнөсү тууралуу маек курдук. 

-- Күз мезгили кандай эргүү тартуулайт? 

-- Күз негедир кусалануунун мезгилиндей туюлат. Жалбырактар саргарып, асманды боз туман каптаган сайын жандүйнөм дүрбөлөң болуп, кумсарып, кээ кезде депрессияга кабылам, өзүмө өзүм батпай, же жүрөгүмө эч нерсе жакпай буюгам. Ыйлаган учурларым көп болот. Ааламда жалгыз калгансыйм. Ошон үчүн колдон келишинче бош болбогонго аракет кылам. Тынымсыз кыймыл аракет, изденүүнүн үстүндө болом. Анүстүнө түшүмчүлүк мезгил, иштеп алууга ыңгайлуу. Кыштын камын көрүүгө тырышам. Болбосо өзүмдү таштап ийчүдөймүн. Кантсе да жүрөгүбүз сезимтал. Келгин куштардын тизилип учуп баратканы жаштыгымды, сүйүүмдү уурдап жаткандай сезилет. Ыр жазууга ыңгайлуу. Себеби, ыр көбүнчө кусаланганда, туталанганда жазылат эмеспи...

-- Кайсы акындардын кандай ырларын берилүү менен окуйсуң? 

-- “Бир акындын ыры жагат” деген кепилдик жок. Кайсы бир акындын кайсы бир сабы жагышы мүмкүн. Ырдын толук жагышы кыйын. Бирок ошентсе да өзүмдү Омор Султановдун, Сагын Акматбекованын ырларынан табам. Окуп жатып менин жандүйнөм жазылгандай кабылдайм. Ыйлап жазса ыйлап, жыргап жазса жыргап окуйм. Айрыкча Омор Султановдун: 

“Мен ыйладым сен ыйлабайт дээрсиң, 

Менин жашым агып турчу көрүнбөй.

Көрүшпөспүз көп убайым жээрсиң, 

Көөдөнүмдөн жүрөрсүң эч бөлүнбөй”, же болбосо Сагын Акматбекованын “Көчөнүн агымына аралашып, Көрүнбөй кеткен адам жакшы баргын” ж.б. бир топ саптары жагат.

-- Жүрөгүңдө сүйүү барбы? Ага арнап кандай ырлар жаралып жатат?

-- Ооба, болгон. Жандилим менен жактырып, жашоону анын көзү менен караган учурум болгон. Ага жакпаган нерсе мага жакпай, ага жаккан нерсени мен да жактырууга өзүмдү тарбиялап да көрдүм. Балким ал жаштык кылды, балким мен жаштык кылдымбы (?), билбейм, ортодогу сүйүүнү сактап кала алган жокпуз. Балким ал мени, мен аны толук таанууга мүмкүнчүлүк болбой калды окшойт. Балким мени тааныгысы келбеген чыгаар... Себеби, Сагын Акматбекова жазгандай «өзүмдү эмес, ырларымды же турган турушумду» да жакшы көрүшү мүмкүн. Же маңдайыбызга жазылган тагдыр... Кудай маңдайыма бир ырыстуу адамды буюргандыр. Мени, аны тааныгандар ортодогу мамилебиз тууралуу сураганда жаман болом. Рыскүл деле көп кыздын бири тура деген ой болушун каалабайм. Кимге жүрөгүмдү кенен ачсам, ошол адамдын, ошол адамдын коломтосун тутантып, очогун өчүрүүнү каалабагандыктан, мамилени узакка, кылым бою сактагым келет. А ал тууралуу ырлар көп. Дагы жазылаар, же жазылбайт... Тагдыр көрсөтсө керек. Бирок, бир жолу көргүм келген учурлар да болот. Жандүйнөм талап кылат. Жолуксам боштук толчудай, ыр жазып жеңилдеп алчудай боло берем...

-- Буулукканда, жалгызсыраганда эмне кыласың?

-- Жалгызсырайм, буулугам. Мен эмес он баласы бар эне деле жалгызсырайт, буулугат, эч кимге көрсөтпөй ыйлайт. Мен деле ошол сыяктуумун. Ким бирөө көзүмдүн жашын көрсө “сен күчтүү эмес турбайсыңбы” деп ойлоп калбасын (!) деп жашынам, корунам. Бирок, эч кимге билдирбей, белди бекем бууп, көздөгөн максатымды көздөй жөнөйм. Тескерисинче, буулукканда күчүмдүн баарын кылып жаткан ишимен чыгарам. Жаңы жашоо баштаганга белсенем. Ыйлап, буулугуп жата берсем мени ким багат? Ким карайт? Башыман сылагыдай деле таянган кишим жок. Өзүмө өзүм күчтүү болушум керектигин билем.

-- Аялзатынын миссиясы кандай?  

-- Аялзатынын миссиясы арбын. Көбү эне болууну миссия катары көрүшөт, бирок энелик кылуу кандай экенин аңдабай калышат. Буюрса коомдун үлгүсү болгум келет. Жакшы эне, же жакшы аялзаты болуу -- ал ары жагыңдагы данегиңден. Данек кандай нерседен бүчүр алганы да маанилүү. Менин апам каада-салтты кан-жанына сиңирген, улуубу-кичүүбү баарын бирдей сыйлай билген кеменгер аялзаты. Эжекелерим да турмушта өз миссияларын так, туура аткарып келе жатышат. А мен эмнеге алардай болбошум керек?! Тескерисинче, алардын кемчилигин толуктап, уят кылбаган аялзаты болууга милдеттүүмүн. Коомго күзгү болбосок, бизден кийинки муун кимди көрүп түздөнөтАнсыз да соңку жылдары бири арабдарды, бири Батышты туурап кетишти. Кыргыздын үлгүсү боло турчу аялзаты барбы? Кимдерди санай алабыз? Кимди карап түздөнөбүз? Көрдүңүзбү, чоң суроо туулат. Ойлонбой койчу маселе эмес. А жигиттерибизчи? Биз кандай муунду тарбиялап жатабыз? Коом муктаж болуп жатса, анан биз миссиябыздан адашканыбыз туура эмес. Кайдагы бир тамекини мода катары чегип, көрүнгөндү сөгүп, кайсы арыбызга эркектерге теңата болобуз?! Коомду аялзаты оңдойт, көрктөндүрөт. Андыктан биздин миссия – соолуп бараткан бакты кайрадан жашылдандыруу. Эне болобузбу, эже болобузбу, карындашпызбы, адамдыктан тайбай, арам ишке барбай, келечектин жаркын болушуна кам көрүү.

-- Өлүмдөн коркосуңбу?

-- Өлүмдөн коркпойм. Түрүү туруп өлүк болгондон корком. Өлүм ак. Ошон үчүн кыргыздар каза болгон адамды «акка моюн сунуптур» деп коюшат. А биз акты кандай гана жакшы нерселерге салыштырабыз: ак жүрөк, ак пейил... А мен эмнеге өлүмдөн коркушум керек?


Кечиргиле унутканча

Жүрөккө өз өкүмүн буйрук кылып, 

Жүрөт ал сезимимди буюктуруп.

Баш тартпай койдум бирок, андан такыр, 

Башканы сүйсө деле билип туруп. 


Жадатты жандүйнөмдүн кыйналганы,

Же тагдыр мага бакыт ыйгарбады.

Армандуу жазылганга айыптуудай,

Ыйлашат кагазымда ырлар дагы. 


Түбү жок, терең ойго тунуп канча?!

Жашыймын, жашын төккөн булуттарча.

Оо ырлар кечиргиле, кечиргиле,

Мен эми ал адамды унутканча.


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер