Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Чечинген перилер” уландысы... Кезек Улан Айтбаев менен Азиз Бекназаровдобу?

“Чечинген перилер” уландысы... Кезек Улан Айтбаев менен Азиз Бекназаровдобу?

30-март, 15:07
5 857 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Дастан эки опери менен кармалганы резонанс жаратты. (Бул боюнча “Азия Ньюс” гезити алдын ала жазып, кулак кагыш кылса, эч ким укпай койгон). Погончон эргулдар массаж салондорунан, чер жазуу уюктарынан 500-1000 доллардан коркутуп алып келишкени ачыкталып, УКМК тарабынан камалышты. Өздүк булагыбыз билдиргендей, Бишкек шаарында мындай ыплас көрүнүштөр арбын, бирок көшөгө артындабы? “Кызылдар” менен “чечинген перилер” аралашып кеткени дагы ачыкталабы? УКМКнын изкубарлары ГУУРдун орун басары Улан Айтбаев менен Октябрь РИИБнин орун басары Азиз Бекназаровду байкап көрүшпөйбү? Массаж салондор, веб-камералар “крышасыз” иштебейт да, ошондо иттин өлүгү кайда көмүлгөнү ачыкталабы?..

Кыскасы, береги кылмыш иштин алкагында Биринчи Май РИИБнин аброю кетти. Бетке чиркөө дегендей. Милицияга карата ишеним тайдыбы? Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев былкылдабай отурганда, дагы далай былыктар чыга бермекчи. Уялбайт экен да... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер