Министр Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетишине негиз түзүлдү
23-ноябрда ИИМдин баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги Нурбек Биялиев 3 миң доллар пара талап кылып, алгачкы бөлүгүн алып жатканда кармалды. Операция учурунда качып, бейкүнөө жаранды машинасы менен жолдон койдуруп кеткени да маалымдалды. Мына, бакыйган полковниктин жүзү!
Ал эми өткөн жумаларда “Азия Ньюс” гезити ИИМге суроо салган: “Мадина” базарында эмгектенген кытайлык ишкер Ришадды Чүй ОИИБнин кызматкерлери Бектур Ниязалиев менен Артур Урматов уурдап кетишип, 4 миң доллар талап кылышканы ачыкталабы?” деп. Тилекке каршы, ИИМ жооп бере албай койду. Береги “кызыл шапкечендердин” ишин жашырып-жаап атышабы?..
Мына бурадар, “карышкырга кой кайтарткан заманада” жашап атабыз. “Балык башынан сасыйт” дейт. Кашкар Жунушалиев министр болуп келгени милиция ичинде коррупциялык элементтер кыйла курчуп, пара талап кылуу күнүмдүк иш болуп калды. Система сазга батып баратат. Күн алыс милиция кызматкерлеринин төбө чачты тик тургузган кылмыштарына күбө болуудабыз. ИИМди сактап калыш керекпи? Андай болсо эмнеге Кашкарды кармап отурушат?..
Aryba.kg