Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Эркин коомдо гана коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүрөт”

Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Эркин коомдо гана коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүрөт”

02-ноябрь, 20:34
378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ташболот ага, эмне үчүн ири чиновниктерге караганда коррупция боюнча майда кызматкерлер колго түшүүдө?

-- Коррупциялык иштерге эң жөнөкөй майда кызматкерлерден баштап, жогорку инстанцияда отурган мамлекеттик кызматкерлер, начальник, министрлер да кыйыр түрдө байланышы болот. Тагыраагы, премьер-министрдин, президенттин айланасындагы адамдар өзүнүн колу менен кол коюп, коррупцияны башкарбайт, алар оозеки түрдө көрсөтмөлөрдү берсе, аны майда кызматкерлер ишке ашырышат. 

Эгер коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылабыз десек, баары ачык-айкын болуп, жемкорлук менен системалуу түрдө күрөш жүргүзүлүшү зарыл. Болбосо бирин-экин кишини кармоо коррупцияны токтото албайт. Коомчулук үчүн жогорку даражалуу кызматтагылардын жакындарынын иши, анын айланасындагы адамдардын кылыгы, деги койчу, туугандарынын, досторунун иши да коомчулукка ачык болсо, ошондо коррупцияга каршы иш болот. Коррупцияны жеңүү кыйын, бирок аны менен күрөшсө, тыйса болот.

-- Мисалы?

-- Мисалы, ачык коом, көз карандысыз адилеттүү сот системасы болсо, майда чиновниктерди эмес, чоң чиновниктерди кармап, коррупциялык системаны башкарып жаткан адамдын жанындагыларын да камоого мүмкүнчүлүк жаралат. Ошондой эле кадр системасында адистерди кызматка даярдоону дагы ачык кылсак, ар бир кадр тийешелүү тепкичтен басып өтмөк. Болбосо, тажрыйбасы жок экенине карабай коюлган адамдары ишти илгерилете албай жатышат. Бийликтегилер “сен бизди жамандадың, элди туура эмес нукка үгүттөп койдуң” дегендей маселе менен кыргыз журналисттерин, блогерлерин жоопко тартпай, ишти мына ушул жактан башташ керек. Кыргыз атуулдарын эркиндикке ээ кылса, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү жолдору ийгиликтүү болот.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер