Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясый кырдаал чыңалганда Райымбек Матраимовду издеп калбайбызбы?

Саясый кырдаал чыңалганда Райымбек Матраимовду издеп калбайбызбы?

30-сентябрь, 12:37
1 610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзгөчө карапайым калк арасында Райымбек Матраимовду колдогондор арбып баратат. Электораты баардык аймактарга жайылып. Себеби эмне дейсизби? Эң жөнөкөй. Адамгерчилигинин бийиктиги, марттыгы, ниетинин түздүгү. Райымбек мырза ар дайым кайрымдуулук иштерин жасап, элибиздин кыйналган катмарына колунан келишинче жардам бергени, бул жагынан башка байлардай мактанбаганы, боорукерлиги менен айырмаланат. Анан калса, саясатка бейчеки аралаша бербейт. Жалган жашоодо өзүн түз алып жүрөт. Ашынган амбициясы жок. Дайыма тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактоого дилгир. Өлкөнүн өнүгүшүнө, экономикабыздын көтөрүлүшүнө саресеп салат. Инвестиция тартууну, жумушсуздуктан арылтууну ойлоп, башкалардыкына окшобогон план, идеялардын үстүндө иштейт. Жакырчылыктан кантип көтөрүлүү боюнча акыл калчап, мамлекетибиздин туруктуу, күчтүү, бакубат бийиктигине чыгышына салым кошууга ынтызар. Эртеби-кечпи Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын, мекенчилдик сезимин пайдаланууга мезгил келет. Мындай салмактуу инсан жөндөн-жөн эле алдыга умтула бербейт, жети өлчөп, бир кескендей кадам салат. “Жаман айтпай жакшы жок” дейт эмеспи. Акыры саясый кырдаал чыңалганда, кризиске белчебизден батканда каарманыбызга муктаж болуп, издеп калбайбызбы? Кеч боло электе акыл калчап, мамлекетчил кадрдын баркына жетсек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер