Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалбырактар төгүлгөн, каркыралар кыйкуулаган күзгү бакытты сезиңиз...

Жалбырактар төгүлгөн, каркыралар кыйкуулаган күзгү бакытты сезиңиз...

26-октябрь, 15:06
879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баардык нерсени күз айында баштоо керемет. Ой жүгүрт, сайма сай, блогуңду түз, эмне болсо да жаңы нерселерди үйрөнүңүз. Бакыт жөнүндө ойлон. Бакытты жарат. Өзүңүздүн ички жана сырткы жымжырттыкты угуңуз. Китептер сөзсүз керек.  Ички дүйнөңүздү толтуруңуз. 

Жалгыз болсоңуз түгөйүңүздү издеңиз. Жалбырак төгүлгөн күздө жүрөгүңүз сүйүүгө, кыялдарга, чыгармачылыкка толуп, ташып, төгүлүп турсун. Жакшы нерселерди жаратыңыз. Аба ырайы да керемет. Өтө ысык эмес, суук эмес. Сейилдей басып, жаратылышка суктанып, табигаттын сулуулугунан өзүңүзгө энергия топтоңуз. 

Бала кездеги кыялдарды эстеп, эски альбомдорду алып чыгып, ретро тасмаларды көрүп, жакын адамдарыңыздын көкүрөгүнөн кандайдыр бир өзгөчө нерсени таап, ага экинчи өмүр бериңиз. 

Эртели-кеч сиздин асманыңыздан кыйкуулап учуп өткөн, тизилген каркыраларга суктана кароо, тегиз түшө баштаган жалбырактарга суктануу сиз үчун ыроолонгон. Бул бакытты сезиңиз. Тирүү экениңизге, ушундай мезгилде таң тосуп, күн кечирип жатканыңызга рахаттаныңыз! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер