Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков, эксперт: “Экономиканын өсүшү соттордон да көз каранды”

Аскар Сыдыков, эксперт: “Экономиканын өсүшү соттордон да көз каранды”

01-сентябрь, 22:26
814 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмне үчүн Кыргызстан экспорттон импортко көбүрөөк көз каранды бойдон калууда? Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн мамлекеттин негизги колдоо механизмдери кандай болушу керек?

-- Экспорт боюнча биз алмаштыра албаган факторлор жана таасир эте турган факторлор бар. Объективдүү жагынан: биздин экономиканын көлөмү чакан эле. Дүйнөнүн экономикасынын 0,1%ын түзөбүз. Дүйнө элинин дагы 0,1%ын түзөбүз. Чакан экономиканын экспортко туруштук берүүсү оңойго турбайт. Биздин географиялык жайгашуубуз – деңизге чыга албай калган өлкөлөрдүн бирибиз. Ошол дагы логистикалык жактан, тышкы соода жүгүртүү жактан кыйынчылык жаратпай койбойт. Бирок ошол эле учурда таасир эте турган, колубузда болгон факторлор бар. Бул, биринчиден, мамлекеттик институттар. Ал институттар бизнеске тоскоолдук кылбай, тескерисинче, колдой турган нукта иштеши шарт. 

Мамлекеттик органдардын ичинде дагы көз карандысыздык, адилеттүүлүк жана мыйзамга үстөмдүүлүк иштеш керек. Анын ичинде айрыкча сот тармагын белгилейт элем. Айрыкча бизнесте кандай гана талаш-тартыштар пайда болсо, көбүнчө сотко кайрылышат. Соттор көпчүлүк убакта көз каранды болуп калат. Адилеттүүлүккө ишкерлер, карапайым эл жете албай, жакшы жыйынтык болбой жүрөт. Ошондуктан соттор, уруксат берүүчү кагаздарды бере турган органдар туура иштесе, экономикада дагы жакшы жыйынтыктар көбүрөөк болот. 

Андан сырткары, мамлекеттин колунда болгон факторлор: көбүрөөк жолдорду салуу, темир жолдорду, аба жолдорун, автомобилдик жолдорду салуу логистиканы жакшыртуу болуп эсептелет. Тышкы соода жүгүртүүдө болгон тоскоолдуктарды жоюп, чек ара пункттарды ачып, баардык жолтоолорду алып салса жарашмак. Андан сырткары, бизде болгон өндүрүштү колдоо зарыл. Жөнөкөй эле колдоо эмес алардын арасынан туруштук бере алгандарын тандап, ошолорду өркүндөтөлү. Эң негизгиси, эмгектин жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу шарт. Тилекке каршы, биздин эгемендүүлүк жылдарыбызда эмгектин жөндөмдүүлүгү көп деле өскөн жок. Бир даана товарды сатып кызмат көрсөтүүдө ошол товар кандай сапатта кызмат жаратат (?) ошону билишибиз абзел. Себеби, дүйнөдө атаандаштык абдан кыйын. Демек, биздин товарлар эң сапаттуу жана болушунча арзан. Ошондуктан эмгектин жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу технологияларды алып келүү зарыл. 


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер