Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камит Савай: “Президент Трамп күнүгө кырдаал жөнүндө айтып берип турат”

Камит Савай: “Президент Трамп күнүгө кырдаал жөнүндө айтып берип турат”

19-июль, 12:20
911 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Американын белгилүү Сиэтл шаарында эмгектенип, жашап келесиз. Ал жакта азыркы абалга бийликтин, президенттин камкордугу кандай? Эл вирус менен кантип күрөшүүдө?

-- Коронавирус боюнча абал оор бойдон калууда. 13-июль күнгө АКШда 3,5 миллионго жакын адам вируска чалдыккан, 140 миңге жакын киши каза тапты. Азыр вирустун тарашынын экинчи толкуну болуп жатканы айтылууда. Июндун ортосунда көп штаттарда вирус жугузгандар азайып, экономиканы ачуу башталган. Бизнестер ачылып, элдер карантинден чыгышкан. Бирок, июлдун бешинен кийин абал кайра курчуду. Айрыкча түштүк штаттарда вирус тез жайылды. Мисалы, акыркы күндөрдө АКШ боюнча жаңы жугузгандардын саны күнүгө 65 миң кишиден ашты. Кээ бир штаттар карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизе башташты. Дээрлик баардык штаттарда көчөдө жана имараттардын ичинде беткапсыз жүрбөш керек. Өлкө ичинде авиакаттамдары токтогон жок, бирок эл аралык учуулар токтоп турат. Америка өкмөтү жарандарга айына 1200 доллардан жардам көрсөтүүнү чечкен, азыр экинчи транш күтүлүүдө. Бизнестерге да көп жеңилдиктер жана мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп жатат. Президент Трамп күнүгө пресс-конференция өткөрүп, абал жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берип турат. Вируска тестирлөө кеңири жайылган, каалоочулар арзан акча төлөп текшерилсе болот. Көп штаттарда мектепте окуган балдарды каникул учурунда да эртең мененки жана түшкү тамак менен камсыздоо бар. Албетте, экономика жабыркады, АКШ боюнча 40 миллиондон ашык киши жумушсуз калды. Июль айы башталгандан бери экономика жанданып,  жумушсуздук кыскара баштаганы айтылды. Америкада медицина жеке менчик колдо болгондуктан, кыйла көйгөйлөр пайда болду. Көп адистердин айтуусу боюнча, медицина тармагында чоң реформалар күтүлүүдө. 

-- Мекендештериңизге кандай кеңештериңиз бар?

-- Вирустан сактануу боюнча кеңештер – эми белгилүү эле да, беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо, көп эл чогулган жерге барбоо, колду дайыма самындап жууп, керек болсо мээлей кийип жүрүү ж.б.

-- Сиз жашаган Сиэтл шаары тууралуу да ой бөлүшсөңүз?..

-- Америка дүйнөдөгү эӊ бай өлкөлөрдүн бири, мени көп жагы менен арбап алды. Америкага келген бир эле мен эмес, башка өлкөлөрдөн келген ар бир жаранды таӊкалтырат эмеспи. Биринчи кезекте мыйзамдуулук таӊкалтырат, анан ошол эле кезде шаардын тазалыгын, жолдордун кеӊдигин, бийик имарататтарды айтпай кетүүгө болбойт. Бүгүнкү күндө Американын Сиэтл шаарында турабыз. Шаар Тынч океанга жакын жайгашкан. Айланасын Каскад тоолору курчап турат. Жаратылышы кооз, таза шаар, кышы жылуу, жайы салкын. Yч миллионго жакын калк жашайт. Дүйнөгө атагы чыккан  Amazon,  Microsoft,  Starbucks  компаниялары ушул шаарда негизделген. Мындан сырткары, “Боингдин” көп заводдору да ушул шаарда жайгашкан.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер