Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айжанат Бактыбекова: “Бизге түндүктөн чоң антициклон келатат”

Айжанат Бактыбекова: “Бизге түндүктөн чоң антициклон келатат”

08-декабрь, 21:52
602 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гидрометеорология агенттигинин метеорологиялык божомолдор бөлүмүнүн башкы адиси менен маек.

-- Айжанат, ушул жуманын аягында аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болору айтылууда. Адис катары айтсаңыз, мындай өзгөрүүнүн себеби эмнеде?

-- Ооба, 9-12-декабрга аба ырайынын өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү берилди. Себеби, бизге түндүктөн чоң антициклон келатат. Ошого байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүшү, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Кээ бир күндөрү минус 10-15 градуска чейин төмөндөйт. 12-14-декабда абанын температурасы андан ары төмөндөп, Чүй облусунун өрөөндөрүндө минус 15-20 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.

-- Бул канча убакытка созулушу мүмкүн?

-- Биз прогнозду бир жумага беребиз. Анан калганы күн сайын бирден күн кошулуп билинет.

-- Быйыл күз өзгөчө жылуу келбедиби, мунун себеби эмнеде?

-- “Воздушная масса” деп коёбуз, ошол бизге түштүк тараптан келип атты. Негизи, ноябрь айында батыш же түндүк-батыш тараптан келчү. Быйыл түштүк тараптан келди. Күз жылуу болгону ошонун таасири.

-- Биздин байлыгыбыз мөңгү, суу эмеспи. Бирок, мына декабрь ортолоп баратса да, бир жолу да кар жаай элек. Бул жагынан эмне айта аласыз?

-- Аба ырайынын төмөндөшүнө байланыштуу 9-декабрда кар жаашын күтүп атабыз.

-- Анда жаңы жылды кар менен тосот турбайбызбы, буюрса?

-- Азырынча биз 12-декабрга чейинки прогнозду бере алабыз. Анан кийинкисин акырындан дагы көрөбүз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер