Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялдардын бала төрөөсү көйгөйгө айлана баштадыбы? Анда ким төрөйт? Шварценеггерби?

Аялдардын бала төрөөсү көйгөйгө айлана баштадыбы? Анда ким төрөйт? Шварценеггерби?

09-март, 15:28
767 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Белгилүү журналист Шайырбек Абдрахманов кечээги 8-март майрамындагы феминисттердин жүрүшү тууралуу пикирин жеке баракчасына жазып чыкты. Кыргызча мааниси мындай: 

“Бүгүн гүл бергенге алданба, эртең кайра плитанын жанында”. 8-мартта ушундай иш-чара болду. “Эй, баргыла да, маадемектен көмүр казып жүрүп алгыла, тамакты биз өзүбүз деле сонун жасап алабыз!” дегиң келет экен, тобоо! Деги ушу "Менин денем! Менин тигил жерим! Менин бул жерим! Чай куйбайм! Оокат кылбайм!" деген лозунгдар менен чаңырып көчөгө чыгып алгандар эмнени көздөшөт? Чын эле аялдардын күйөөгө тийип, үй-бүлө күтүп, бала төрөөсү XXI кылымда ошончолук проблемага айлана баштадыбы? Анда ким төрөйт? Шварценеггерби? Кандай кылабыз? Адамзаттын тукуму куруйбу? Бул долбоор кимдерге керек болуп жатат? Мындай иштердин артында кайсы коом турат? Максаты эмне?.. 

Суроолор көп. Айрымдарына жооп алганбыз, билебиз. Кимдердин кулактары чыгып турат, анализ, кабарыбыз да бар. Бул биздин өлкөдөгү эле проблема эмес. Так ушу тапта батышта АТА-1, АТА-2 деген түшүнүктү киргизишип, эки эркек жыныстык катнаш жасап, үйлөнүшүп, анан да бала багып алып жатышат. Мунун моралдык жагы кандай болот? Жаратылыштын мыйзамдары бузулган жокпу? Мен бала болуп башыма түк чыкканы, жадагалса дөбөт менен дөбөттүн үйүгүшкөнүн укпагам. Кочкор менен кочкордун сүзүшкөнүн көргөм, бирок, асти сүйүшкөнүн көрбөгөм. Анан адам баласына эмне болду? Бул эми албетте узун сөз.

Азыр биз бүгүнкү иш-чара тууралуу кеп кылалы. Бир чети оногу кебетеси сууктардын кыйкырганынча да бар. Эркектер эбибиз менен болсок, аялды баксак, кадырыбызды түшүрбөсөк, ичпей, темтейбей тың болсок, келин-кесек ушинтип көчөлөп калбайт эле. Айкырыкты катуу салып, ажылдап ар жерге плакат көтөрүп турбайт эле. Биз чыныгы эркек болсок, алганыбыз илбериңки, үлбүрөк, уялчаак, кадимки Кудай жараткан назиктиги менен болот эле. А биз арсыз болуп баратабызбы дейм. Билимсизбиз, аял сыйлаганды билбейбиз, түркөйбүз. 

Мисалы, менин өз башымдан өткөн мындай окуя бар. Биринчи уулум төрөлгөндө, тогуз ай көтөрүп, толготуп кыйналгансып, досторум менен “сеп” этип, өлө жуугам. Келинчегим бала менен алек, а мен болсо кызымтал. Балалуу болбодумбу, эркекмин да! Аялым баласын эмгизип болуп, жалаягын алмаштырып, уктатып келип, анан мага тамак жасайт. Азыр ойлосом, өзүмдү сөгөм. Мээң менен жерге кир! Эркек болбой куруп кал! Мага окшогон кемпайлар азыр деле толтура болуш керек. А менин көз карашым өзгөрдү, маселе жок, жубайым сонун тамак жасагысы келсе жасап берсин, болбосо тамактан өлгөн киши жок. Өзүм деле сонун жасайм. Мага чай куям деп убара деле болушун каалабайм. Оор болсо куйбай эле койсун. Позициям ушундай. Бирок, негедир азырынча антип деле маселе жарата элек. Эриш-аркак, кеңешип-кесип, ынтымакта эле жашап жатабыз. Кандайдыр бир пикир келишпестик болсо, сүйлөшүп, күнөөнү өзүбүздөн издеп, шашпай чечип алабыз. Үй-бүлөдөгү маселе, аял-эркектин маселеси аянтта "Чай куйбайм!", "Мени сыйла!", "Менин денем, менин ишим!" деген өкүрүк-бакырык, чаңырык менен чечилбейт экенин мен да, менин жарым да билебиз. Маселебиз түшүнүү, жылмаюу, акыл калчоо менен чечилет. Бул – үй-бүлө күткүсү келген, бала-чака керек, өмүрлүк жарын сүйгөн биз сыяктуу миңдеген бүлөдөгү кадимкидей көрүнүш болуш керек. Ал эми турсийин асманга булгап, "чай куйбайм" деп дырдай жылаңачтанып, "көтөмбаш" көчөгө чыгып алган адам айрымдар айткандай "искусство" үчүн эле ошентпесе, нормальный киши кантип ошентсин? Куйбасаң куйба! Кебетеңден ансыз деле бирөөгө жыргатып ысык чай куйбаганың көрүнүп турбайбы! Чаңырып, ажылдабасаң деле сенин "муздак чайыңа" суусаган киши жок го дейм!”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер