Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Сагынбаев: “Кой-Таш сотунда “альфачылар” беткапчан, псевдоним менен сурак беришүүдө”

Канат Сагынбаев: “Кой-Таш сотунда “альфачылар” беткапчан, псевдоним менен сурак беришүүдө”

09-сентябрь, 09:00
684 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Канат мырза, Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси кайсы чекке жетти жана кандай уланууда?

-- Кой-Таш окуясы боюнча сот 2020-жылдын мартында башталган. Октябрь окуяларынан кийин судья алмашып, андан бери соттук териштирүү ар кандай себептерден улам жылып отуруп, ушул жазда жанданды. Азыркы тапта Кой-Таш иши боюнча жабырлануучу деп таанылган "Альфа" атайын кызматынын кызматкерлери сурак берип жатышат. Бул процесстер жабык эшик артында өтүүдө. Бирок, ага карабастан “альфачылар” беткапчан, псевдоним менен сурак берүүдө. Алардын сотто берген көргөзмөлөрү, тергөөдөгү сурак протоколдоруна такыр окшошпой жатат. Ошол себептен, жактоочулар “жалган көргөзмө бергендиги үчүн аларды жоопко тартуу керек” деген ойлорун айтышты. Бул териштирүүнүн башталышы гана. Негизи мүчүлүштүктөрдү, бир жактуу тергөөнү эске алып, ишти кайра тергөөгө жөнөтсө, жалгыз туура чечим болмок.

-- Агездеги бийлик башындагы Сооронбай Жээнбеков, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев жана Өткүрбек Жамшитов сыяктуу саясый фигуралар суралабы?

-- Юридикалык, моралдык да жактан алганда, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков, мыйзамсыз буйрукту аткарган УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдер жооп бериши керек. Опумбаевдин көргөзмөсү бар. Демек, ал сотко дагы күбө катары алынып келүүсү шарт. Бирок, Октябрь окуяларынан кийин эле качкын генералдын изи сууган. Аны эмнеге издөөгө алышпаганынын себебин айтып кереги жок го дейм... Ал эми Кашкар Жунушалиевди тергөөдө жадагалса суракка алышкан эмес. 

Бирок, биз соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жогоруда аты аталган үч адамды  сотко күбө катары алып келүү тууралуу өтүнүч келтиребиз.

-- Мыйзам алкагында адилеттикке жетсе болобу?

-- Эгерде президент Садыр Жапаров айткандай, соттор чыныгы көз карандысыз болуп, өз алдынча чечимдерди кабыл ала турган болсо, судья ишти кайра тергөөгө жөнөтөт деп ойлойм. Мына ошондо гана мыйзамченемдүү адилеттүүлүк болот.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер