Данияр Аматов: “35-45 жаштан жогорку ата-энелердин балдары жүрөк кемтиги менен төрөлүшү мүмкүн”

Жүрөктүн тубаса кемтиги менен төрөлгөн балдар, ал дарттын белгилери, алдын алуу тууралуу “Энени жана баланы коргоо” улуттук борборунун кардиологу, дасыккан дарыгер Данияр Аматов ой бөлүштү.
-- Акыркы жылдары жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө. Мунун себеби эмнеде?
-- Акыркы 7 жыл аралыгында жүрөктүн тубаса кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны эки эсе көбөйдү. Мындан улам, аталган дартка чалдыккан ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү да жогорулады. Жүрөктүн тубаса кемтиги заманбап педиатриянын негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп эсептелет. Индустриянын өнүгүшү жана айлана-чөйрөнүн булганышы тубаса жүрөк кемтигинин көбөйүшүнө алып келүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын төрөлгөн балдардын 4-6%ы жүрөктүн тубаса кемтик оорусу менен төрөлүшөт. Алардын ичинен 30-40%ы көз жумат. Жаш бала төрөлгөндөн кийин бир жашка чыкканга чейин ооруга чалдыкканын 5% гана билишет. Изилдөөлөрдүн натыйжасында, перинаталдык жоготуулардын 25-35%ын анатомиялык дефекттер шарттаганы аныкталды. Жүрөктүн тубаса кемтиги бир гана саламаттык сактоонун эмес, бүтүндөй бир мамлекеттин олуттуу көйгөйү. Анткени мындай дартты айыктыруу абдан кымбат жана балдардын майып болуп калуу коркунучу жогору болгондуктан, мамлекет тарабынан өтө чоң суммадагы каражат талап кылынат. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2009-2010-жылдары Кыргызстанда тубаса жүрөк кемтик оорусу менен 1138 учур катталган. Алардын 39%ы Бишкекте, калган 70%ы региондордо кездешкен. Ооруга чалдыккандардын 20,3%ы көз жумган.
-- Балдардын тубаса жүрөк кемтик болуп төрөлүшүнө кандай себептер таасир тийгизет?
-- Бул боюнча бир нече себептерди айтып токтолсом болот:
· Атасынын жашы 45тен, ал эми апасынын жаш курагы 35тен жогору болсо;
· Ата-эне алкоголдук ичимдиктерди көп колдонсо;
· Антибиотиктерди (айрыкча боюнда болгондон тарта үч ай аралыгында) колдонсо;
· Токсикоздун оор түрүнө чалдыкса;
· Гормоналдык, сульфаниламиддик каражаттарды колдонсо;
· Кош бойлуу мезгилде аял вирустук ооруларга кабылса.
Андыктан, кош бойлуу аялдын ден соолугун коргоо – тубаса жүрөк кемтигин алдын алууда чоң мааниге ээ.
-- Жүрөктүн кемтигинен кабар берген белгилерди айта кетсеңиз?
-- Жүрөктүн тубаса кемтик оорусунда жаш балдарда электрокардиограммага түшкөндө, эхокардиографикалык жана рентгенографиялык изилдөөлөрдө өзгөрүүлөр байкалат. Жашоосунун алгачкы 10 жылында баланын аталган дартка кабылышы билинбеши мүмкүн. Кадимки эле дени сак баладай чоңоё берет. Бирок андан кийин баланын дене түзүлүшү жакшы өрчүбөй, физикалык жактан артта кала баштайт. Физикалык жумуштарды аткарууда дем алуусу начарлап, денеси көгөрөт же бозорот. Мындайда тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл.
-- Кандай дарылоо жолдору бар?
-- Оору күчөгөндө жүрөктүн мүмкүнчүлүктөрү азайып, анын иштеши начарлап, жүрөктүн жетишсиздигине алып келет. Ал жүрөктү тыңшоо, рентген жана электрокардиография жасоо менен аныкталат. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт жана жүрөктүн иштешин жакшыртууга, кан айланууну калыбына келтирүүгө багытталат. Жүрөк кемтигин хирургиялык жол менен дарылоо – бул медицинанын жетишкендиги.
Интервенциондук кардиологиялык жол менен дарылоодо кардиологиялык катетеризациялоо аркылуу тийиштүү аспаптар керектүү жерлерге коюлуп, тешиктер жабылат. Эгерде сиздин үй-бүлөдө буга чейин кимдир бирөө жүрөктүн тубаса кемтиги менен жабыркаган болсо, анда болочок балаңыздын дал ушул ооруга чалдыгуу коркунучу бар экенин эске алыңыз. Кош бойлуу эне бул маалыматты аны карап жаткан дарыгерге айтуусу зарыл.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити