Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: “Экономикалык жактан жардам көрсөтүлүп, каржы бөлүнбөсө, маданият эч качан көтөрүлбөйт”

Нуржигит Кадырбеков: “Экономикалык жактан жардам көрсөтүлүп, каржы бөлүнбөсө, маданият эч качан көтөрүлбөйт”

04-ноябрь, 09:00
495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, маданият тууралуу парламентте сүйлөгөн сөзүңүздү уктук. Маданий очокторубуздун бүгүнкүдөй абалга тушугушунун негизги себеби эмнеде?

-- “Маданият менен тилиң жок болсо, чек араңды ачып кой” деген сөз бар. Андай өлкө мамлекет болуп сактала албайт. Көп адамдар бизге бийик үйлөрдү көргөнү келбейт да. Маданиятыбызды, балбал таштарыбызды, музейлерибизди көрүп, “Манасыбызды”, обон-күүлөрүбүздү угууга кызыгышат. Ошого көңүл бөлбөсөк, биз эл катары оожалып кете албайбыз. Бул жагынан казак, өзбек сыяктуу кошуна элдерден артта калып жатабыз. Экономикага байлап атабыз, бирок маданият мындай нерсени кечирбейт. Эң кыйын акыбалда азыр кайсылар? Клубдар, китепканалар, музейлер, цирк, драма театрлар. Экономикалык жактан жардам көрсөтүлүп, каржы бөлүнбөсө, маданият эч качан көтөрүлбөйт. 

-- “Эркинен ажыратылгандар китепти көп окуса, мөөнөтүнөн мурда бошотулат экен” деп Бразилиянын мисалын келтирбедиңизби. Бизде да ошондой ординардуу эмес нерселерди кылсак болбойбу?

-- Абдан жакшы болмок! Биз азыр аскер бөлүктөрү менен иштешип, китеп окуу боюнча конкурстарды уюштуруп жатабыз. Анча-мынча аскер бөлүктөрүнө китепкана уюштуруп, жаңы китептерди алып бердик. Азыр алардын командалары китеп боюнча конкурстарга катыша башташты. Бир жолу мен “тартип бузган жоокерлерди гауптвахтага жөнөткөндүн ордуна китеп окутуп, окуган китебине жараша жаза мөөнөтүн жеңилдетсеңиздер” деп сурандым. Бул абдан жакшы демилге. Ушул багытта ишти уланта берүү керек. 

-- Учурунда “Кыргыз китеп” деп аталган мекеме уюштурулду эле, ал өз натыйжасын бердиби?

-- Ал мен маданият министри болгонго чейин чарбалык эсепте иштөөчү мекеме катары уюштурулган экен. Бирок, иштин жылышы өтө кыйын болуп жатат. Туруктуу жайгашкан офиси, китеп сата турган жерлери жок дегендей. Ал жерде бизнести мыкты түшүнгөн, ошол эле учурда китепке кызыккан адам иштеши керек. Китеп менен байып кетиш кыйын азыркы заманда. Чыкканда эле кымбат чыгат, салыктары да чоң. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер