Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте Садыр Жапаровдун премьер болушуна каршылар митингге чыкты

Бишкекте Садыр Жапаровдун премьер болушуна каршылар митингге чыкты

07-октябрь, 12:10
772 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда. Арасында элди мыйзамды сактоого, ынтымакка чакырып жаткандар дагы бар. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты. Бул тууралуу жеринен “Sputnik-Кыргызстан” агенттигинин кабарчысы билдирди.

Андагылар "Эскилерге жол жок!", "Люстрация кылыш керек!" деген плакаттарды даярдап жатканын көрүүгө болот. Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда. Арасында элди мыйзамды сактоого, ынтымакка чакырып жаткандар дагы бар. Митинг өтүп жаткан жерде элден бир аз обочолонуп милиция кызматкерлеринин турганын көрүүгө болот.

Эске салсак, өткөн түнү Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер