Темирбек Ажыкулов: “Мамлекет экспортту көбөйтүүгө жардам бериши шарт”
-- Бийлик учурда өзгөчө экономикага басым жасашы керек. Бул жагынан сунуш, ойлоруңуз барбы?
-- Негизи эле экономиканын ордунан жылышы, анын кыймыл-аракети ички жана сырткы факторлордон көз каранды. Сырткысы – ковид, эл аралык каттамдар, соода жүргүзүү, эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн айтабыз. Ал эми ичкиге – өлкөнүн карамагындагы шарттар, экономиканын көлөмү, мыйзамдар, саясый кырдаал, ишкерлердин мүмкүнчүлүгү кирет. Ушундай кризис маалында экономикабыз төмөндөп, туруктуу токтоп турабыз.
-- Мисалы, кандай аракеттер көрүлсө дейсиз?
-- Биринчиден, кыска мөөнөттө эл аралык каттамдарды жөнгө салып, сыртка чыккан продукциялардын жолундагы тоскоолдуктарды жоюу керек. Ошондой эле Кытай менен болгон чек ара маселесинин чечилүүсү, ал жактан келген продукциянын киришин камсыздоо маанилүү. Экинчиден, бизнестеги ашыкча текшерүүлөрдү токтотуу зарыл. Эгер бизнесте кандайдыр бир мыйзам бузуулар орун алса, аны штраф менен ордуна коюш керек. Ошондо гана ишкерлер коркпой, ачык иштей башташат. Үчүнчүдөн, каржы маселесин чечүү. Инвесторлордун өлкөгө келүүсүн камсыздап, сырттан арзан насыя алып келүү жолдорун жеңилдетүү шарт.
Бүгүнкү экономиканын структурасын алсак, биз 70 пайыз импорт менен жашайбыз. Ошондуктан мамлекет экспортту көбөйтүүгө жардам бериши керек. Ушул багытта иш-аракеттер болсо, экономика ордунан жылып, анын илгерилешине шарттар түзүлмөк.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити