Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Кумтөрдөн 5 миллиард доллар таза киреше түшөт”

Марлен Маматалиев: “Кумтөрдөн 5 миллиард доллар таза киреше түшөт”

07-апрель, 19:30
1 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, Кумтөр кенин Кыргызстандын карамагына толук алуу менен биз эмнеге жетиштик?

-- Азыр Кумтөрдө алтындын запасы 200 эле тонна калыптыр. Ал жердеги запас 1000 тонна болчу. Ал 40 млрд. доллардын тегерегиндеги акча эле. Бизге 30 жылда болгону 4 млрд. доллар түштү, салык, соцпакет түрүндө. Ал эми алтындан бир грамм да түшкөн жок. Эми калган 200 тоннаны карап көрсөк, анын жалпы баасы эле 10 млрд. доллардын тегереги болот. Өзүнө турган наркты алып койсо, 5 миллиард доллар таза түшөт. Бул биздин экономикабызды көтөрүп, керек болсо карызыбызды толук төлөп коё турган каражат. Бирок, биз “бул каражатты бюджетке салып койбогула, кайра эле желип, пенсия-пособиеге кетип калбасын. Андан көрө Камбар-Ата сыяктуу чоң долбоорлордун курулушуна сарптагыла” деп сунуш бердик. Ошолордон түшкөн акча менен акырындап карызды да жапсак, айлык, пенсия, жөлөк пулдарды да көтөрсөк  болот.

Биз азыр жаңы мыйзам кабыл алып жатабыз. 300 сомго бир лицензияны карматып коё бербей, «кайсы гана кен болбосун 30 пайызы Кыргызстанга таандык болушу керек» деген. Бул мыйзамды мен 2020-жылы киргизгенде колдоо таппай, өтпөй калды эле. Азыр эми кырдаал башка. Колдоо таап, өкмөттүн позициясы да биздики менен бир болуп калды. Бул болсо миллиарддаган каражаттын түшүүсүн камсыз кылат.

-- Канадалык компания эми кендин мындан аркы ишмердүүлүгүнө катышабы?

-- Жок, катышпайт. Толугу менен чыгып кетти.

-- Анда бул өлкөбүз утушга ээ болгон келишим болгон турбайбы?

-- Албетте. Мен жана айтпадымбы. Биринчиден, кенди мындан аркы иштетүүдөн 5 млрд. доллар таза киреше түшөт. Экинчиси, рекультивациялоо фондундагы 53 млн. доллар келет. Үчүнчүсү, алар өз эрки менен дагы 50 млн. төлөп бергени жатышат. Төртүнчүсү, өткөн жылдын 3 кварталы үчүн 11 млн. доллар дивиденд төлөп беришет. Биз тышкы башкаруу киргизгенден кийин 350 млн. доллардын тегерегинде каражат тапканбыз. Ошондон да баш тартып жатышат. Эң башкысы, алтыныбыз өзүбүзгө түздөн-түз калып атат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер