Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Ибраев: “Көмүр жагынан көйгөй болбойт”

Таалайбек Ибраев: “Көмүр жагынан көйгөй болбойт”

17-ноябрь, 19:39
639 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Таалайбек Омукеевич, көмүрдүн баасы канчалык туруктуу сакталууда?

-- Бизге президенттин тапшырмасы бар, “баасын 4000 сомдон ашырбагыла” деген. Азыр 4 миң сомдон ашырбаганга аракет кылып жатабыз.

-- Бирок, Шабыркүл менен Каражыранын көмүрүнүн тоннасы  мурдагыдай эле 5500 сом болуп атпайбы?

-- Чет элден импорттолуп келген көмүргө аны алып келгендер өз баасын коюшат. Биздин товар болбогондон кийин биз ага баа коё албайбыз. Эл көмүрдү кымбат сатып албашы үчүн биздин “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы көмүрдү өзү ташып келип, көмүрканаларды ачып, өзүбүз сатып жатабыз. Мына, азыр түндүк өрөөнүн, Бишкек шаарын көрүп атасыңар, 4 миң сомдон ашкан жок. Азыр Көлдө да ошондой, Караколду бүт тегеретип 4 миң сомго түшүрүп жатабыз. Кээ бирөөлөр кызыл кулактык кылып атышпайбы. Бизден сатып алат, үстүнө кошот, анан портерге салып, дагы 1000 сом кошот. Ошентип, 6 миң сомго чыгып кетет. А бизде мобул жерге келгени 3550 сом болот, реализаторлорго 450 сом түшөт, ошону менен 4000 сомдон ашпайт.

-- Азыр калк көмүр менен канча пайыз камсыз болду?

-- Калк кыш бүткөнчө эле ала берет. Кээ бирөө мүшөктөп алат, кээ бирөө тонналап алат. Ал ар кимдин чөнтөгүнө жараша да. Улам айлык алганда, пенсия алганда сатып ала берет. А биз рынокто көмүрдү туруктуу камсыз кылып, баасын 4000 сомдон ашырбашыбыз керек.

-- Көмүрдүн запасы жетиштүүбү?

-- Жетиштүү. Бул жагынан эч маселе жок. Азыр Кара-Кечеде 250-300 миң тонна көмүр бар. Аны ташып келип эле элди камсыздай беребиз. Кудай буюрса, көмүр жагынан көйгөй болбойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер