Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн бир жыл төрт ай окуу – коррупцияга жол ачат”

“Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн бир жыл төрт ай окуу – коррупцияга жол ачат”

07-ноябрь, 20:25
1 250 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн бир жыл төрт ай окуу демилгеси көтөрүлгөнү туурабы? Бул аракеттер акча жасоого айланып кетпейби? 2026-жылдан баштап мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жараксыз абалга келсе, мунун артында кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн?

Төрөбай Колубаев, серепчи:

-- Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн бир жыл төрт ай окуйт деген, албетте, коррупцияга жол ачат. Илгери килейген Советтер Союзунун убагында ашып кетсе алты ай окушчу, ДОСААФ деген бар бар болчу. Ал жерде үч ай эле окутчу. Бир жыл төрт ай окуп, айдоочулук күбөлүк алат дегенди түшүнбөгөндөр “укмуш окутуп, шумдуктуудай даярдап, анан айдоочулук күбөлүк берет” деши мүмкүн. Чынында бир жыл төрт ай айдоочулук күбөлүк үчүн окуш өтө кыйын. Мөөнөтү колледж, лицейлердей эле болуп жатпайбы. Ошон үчүн жогорку даражалуу кызматтагылар буга маани берип, реакция кылып, коррупциялык схемага жол ачпашы керек. “Бюджетке тыйын түшүрөбүз” деп эле “мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырабыз” дегени да туура эмес. Негизи кыбыр эткен нерсенин баары эле акчага байланат. Айдоочулук күбөлүктү жалаң жаштар эмес, улгайгандар дагы окуйт. Медиктер “көзүң анча көрбөйт, кулагың жакшы укпайт” деген шылтоолор менен справка бербей, аны акчага сата башташат. Кыскасы, коррупция күчөйт. Ошон үчүн кеч боло электе маани берүү зарыл. 

Кээде акылга сыйбаган да нерселер орун алып жатат. Энергетика министринин башы экөө эмес. Ал чексиз тарифке туташып, кымбат төлөсөңөр, светиңер өчпөйт дегенди айтты. Анын бул сөзүн президент четке какты. Чынында мунун баары мурунтан макулдашылып, анан элге айтылды да, туурабы? Ошондой эле Оштун мэри өзүн туура эмес алып жүргөнү үчүн президент сөгүш жарыялапбирок эртеси машине берди. Эл баарын билип, сезип эле отурат. Ошон үчүн андай аракеттерден алыс болгон оң. Болбосо кийин ушуга окшогон нерселерге укуктук баа берилип калышы ыктымал...

Азамат Тынаров, блогер:

-- Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн бир жыл төрт ай окуу деген өтө эле узак убакыт. Мурдагыдай эле мөөнөттө калтырып, үч айдан алты айга чейин эле окуй турган кылып коюшса туура болмок. Жеңил машинелерди айдоо үчүн үч ай, жүк ташуучу машинелерди айдоо үчүн 6 ай туура эле болчу. 1 жыл 4 ай окуйт деген чынында ашыкча.

Башкасын билбейм, мен мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жараксыз абалга келет дегенин туура эле кабыл алдым. Анткени, адам 10 жылда бир топ эле өзгөрүп, таанылбай калат. Алмаштырганда тийиштүү каражатын төлөп, экзаменден өтпөйсүң, жаңысына алмаштырып аласың. Ошон үчүн буга макулмун. Биз эмес чет мамлекетте деле ушундай. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер