Алсыз жетекчи пиарщикке айланат...

Ушундай. Жармач көрүнүш. Алсыз жетекчи пиар менен алектенип, өзүн күчтүү, кыйын көрсөткүсү келет тура. Ички көрөңгөсү тайыз, алысты көрө билбесе, майдачыл катары мукураганыбы? Күнүмдүк алаксытуу, жеңил-желпи шоу менен алектенүү күлкүлүү дечи. Ал эми дараметтүү башчы идеяга, демилгелерге бай келип, утурумдук жел сөздөрдөн бийик туруп, арканды алыс ыргытып, идея, пландарын узак убакытка мерчемдейт. Маңыздуу башкарууну беттемекчи. Ириде элге жага турган аракеттер, жакшылыктар эч убакта жерде калбай, ооздон-оозго өтүп айтыла берет эмеспи.
Тилекке каршы, Жеңишбек Токторбаев Ошко мэр болуп барып, дароо эле бакылдай баштады. Гараждагы эскирген машиналарды кыдырып, андан ары көчөлөрдү аралап, башкармадай өктөм буйрук берип, театрда роль жаратып жаткандай көрүндү. Мындай “алакачмасы” улам кайталанууда. Бутуна өтүк кийип алган, башкалардан да “кирзаны” талап кылганга үлгүрдү. Кызыгы, жол тазалаган унаага түшүп алып, кыйратып салгансып жүрөт. Эми ушул мэрдин ишиби? Кызматтын баркын таза кетирди го? Билимдүү, тажрыйбалуу жетекчи эч качан майдаланып, өзүн паска теппейт. Ырааттуу сөз менен гана башкарса болот да. Алды-артынан видеого тарттырып, анысын соцармактарга жайылтып, ой бир кумарга баткандай ишаратын улантууда. Ооба, Жеңишбек Токторбаевдин ушундай жат көрүнүшү коомчулукта талкуу жаратты. Бийликтеги айрым эстүүлөр убагында акыл айтышып, элге кызмат кылуунун үлгүлүү жолун көрсөтүп коюшса не?
Ар кандай ой кетет экен. Бул Токторбаев пиар кылганы эле барганбы? Алдыга коюлган ишиң, милдетиң болгондон кийин унчукпай эле жасап, кайсы бир ийгиликке жеткен соң, ырааттуу түрдө жасаганыңды отчёт катары элге жарыяла да. Анан күнүгө эле апенди чалыштанып, баскан-турганын видеого тарттыруу менен мактанып отурса, карапайым калк деле тажап, “түйүнчөгүн түйүп” берип койбойбу? Арыдан бери болуш керек го...
"Азия Ньюс" гезити