Акыркы кабарлар
» Саясат » Баткендеги үйлөрдүн бүтпөй атканына кимдер күнөөлүү?
Баткендеги үйлөрдүн бүтпөй атканына кимдер күнөөлүү?
28-ноябрь, 09:00


Сентябрда Баткендеги талкаланган үйлөр, мектеп, дээрлик курулуш иштери кышка чейин, эки айдын ичинде бүтө турганы кабарланган. Мамлекет тарабынан, тышкы уюмдардан да каражаттар каралганы, толук түрдө керектүү муктаждыктар чечилгени маалым эле. Тилекке каршы, иш үзгүлтүккө учурап, жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришип, үйлөрдүн бүтпөй жатканын айтышууда. Өкмөт тийешелүү жетекчилердин шалаакылыгын ачыктап, бул боюнча ачык маселе көтөрүшү керек. Убагында сөз берилген, жумушчу топ ырааттуу кызмат көрсөткөндө, эмгиче баары жай-жайына келмек. Кыскасы, Баткендеги үйлөрдүн бүтпөй атканына кимдер күнөөлүү? Эл билсин. Дал ушул таризде көйгөй курч бойдон турат.
"Азия Ньюс" гезити











