Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзабек Өзүбеков: “Эл аралык авиакаттамдар ишке кирсе, туристтер агылып келе баштайт”

Мырзабек Өзүбеков: “Эл аралык авиакаттамдар ишке кирсе, туристтер агылып келе баштайт”

30-май, 00:20
726 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Кыргыз туризм" компаниясынын өкүлү менен маек

Туризм багыты кандайдыр бир деңгээлде бюджетибиз үчүн киреше булагы эле. Бирок, эпидемияга байланыштуу бул жылы өнүгүп келе жаткан туризм да өтө жан кейиткен абалда. Биз бүгүн “Кыргыз туризм” компаниясынын өкүлү Мырзабек Өзүбеков менен маек курдук.

-- Мырзабек мырза, тилекке каршы, бул жылы чет өлкөлүк туристтердин караанын көрө албачудай болуп турабыз...

-- Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөгү, Европадагы туристтер кайрылып, чек аралык маселелерге, өлкөдөгү абалга кызыгып, “авиакаттамдар качан ишке кирет?” деп сурап жатышат. Эл аралык авиакаттамдар иштеп баштаса эле туристтер келе баштайт эле. 

-- Айрыкча чет өлкөлүктөрдү жерибиздеги кандай кооздуктар кызыктырат?

-- Кыргызстандын баардык аймактарын камтыган тоо туризми кызыктырат. Биздин кардарлар катары тоолордо жөө саякаттап, ат минип жүрүп, көчмөндөрдүн маданиятына, жашоосуна кызыккан, ажайып жаратылышка суктанган катмарды айтсам болот. Алар колдорунан келишинче өлкөбүздөгү тоолордун баарын кыдырганга аракет кылышат. Жети күндөн он күнгө чейин жүрүп кетишет. 

Мындай туристтер жыл санап көбөйүп жаткан. Мунун шарапатынан тоолордо конок үйлөр, эс алуучу жайлар ачылып, жай айларында көптөгөн жумуш орундары түзүлүп, аны менен бирге кол өнөрчүлүк, “Салбуурун”, “Шырдак” ж.б. улуттук фестивалдар да жакшы жолго салынып, кызыгууларды арттыра баштаган. Ушунун баары эл аралык туризмдин тийгизген таасиринде ишке ашууда. 

-- Ушул жылы тескерисинче баары солгундайт турбайбы?

-- Тилекке каршы, май-июнь айларына пландаштырылган туристтик келишимдер бузулду. Ал эми июль-август айларында жагдай кандай өзгөрөрүн күтүү менен турушат. Бирок, туристтердин агымы аябай азайып, жокко эсе болууда. Балким жакынкы аралыктарда эпидемия солгундап калса, Орусия, Казакстан, Өзбекстандан туристтер келиши ыктымал. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер