Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекешов парламентте "Кумтөрдөгү" коррупцияны талкуулоону сунуштады

Бекешов парламентте "Кумтөрдөгү" коррупцияны талкуулоону сунуштады

14-сентябрь, 11:34
163 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов "Кумтөр Голд Компани" компаниясындагы коррупция, анын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу кеңири маалымат берилиши керектигин билдирди. Ал парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында бул маселени күн тартибине киргизип, талкуулоону сунуштады.
"Кыргызстан үчүн бир миллиард сом аз акча эмес. Кечээ биз медиадан "Кумтөрдө" бир миллиард сом зыян келтирилди деп окудук. Депутаттарда толук маалымат жок. Биз маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп жатабыз, бирок көзөмөлдөө жагынан аксап жатабыз. Ошондуктан биз муну жөн эле калтырбай маалыматты уксак. Маалыматты уккандан кийин аны же комитет көзөмөлдөйбү же комиссия түзөбүзбү, бул жерде чечели. Муну жөн калтырып койсок коомчулукта ар кандай пикир болушу мүмкүн. Биз чоң маселени карабай жатабыз. Каржы институттарынан акча сурап жүрөбүз, ал эми ичибизден болсо 12,5 миллион долларды уурдап жатышат",-деди Бекешов.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер