Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Витамин, дары-дармек менен иммунитет көтөрүлбөйт

Витамин, дары-дармек менен иммунитет көтөрүлбөйт

06-декабрь, 12:26
549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күз-кыш мезгилдеринде көпчүлүк иммунитетин көтөрүү үчүн түрдүү каражаттарды ичип баштайт. Бирок бул туура эмес экендигин “Спутникке” дарыгер-терапевт Алексей Водовозов айтып берди. Ал иммундук системаны көтөрүү үчүн ар түрдүү витамин, дары-дармекти ичүүнүн кажети жок экендигин белгиледи.

"Бул системага тийишпей эле койгон оң. Бактыга жараша, ал биздин түрдүү "кол салууларыбыздан" өзгөрбөйт. Эмне гана ичпейли, баары бир иммунитетке таасир бере албайт. Бизге өтө күчтүү иммундук реакция керек эмес. Аутоиммундук оорулар – күчтүү иммундук реакция же болбосо COVID-19 оорусу күч алган учурда көп адамдарды өлүмгө жеткирген гипериммундук реакция. Мунун кереги жок. Сергек жашоо образын сактаган адамдардын иммундук системасы организмге коркунуч жаралган учурда тийиштүү деңгээлде жооп бере алат. 

Ашыкча тоюу, аз кыймыл, стресске чөгүп кетүү, уйкунун канбагандыгы – мунун баары иммунитеттин алсызданышына алып келет. Ошондуктан ушул көрүнүштөрдү жоюу менен биз бул системанын күчтөнүшүнө жардам бере алабыз” дейт дарыгер.  

Ал дене мүчөнү бузуп жибере турган ашыкча машыгуунун кереги жок экендигин айтып, болгону күнүнө 1-2 аялдама аралыкты жөө басып коюу иммундук системанын туура иштешин шарттай турганын белгилеген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер