Апрель ыңкылабыбы же Икрам Илмияновдун майрамыбы?
Кечээ 7-апрелде биз адаттагыдай Апрель революциясынын 11 жылдыгын белгилеп, ошол күнү баатырларча шейит кеткен эр-азаматтарыбызга куран окуп, “зөөкүр бийлик кайталанбасын” деп бири-бирибизди соороттук.
Бирок, ойлонуп көрсөк, ошол 7-апрелден эл пайда таппай эле, 2010-жылдан бери Эдил Байсалов какшап айткандай, ашып кетсе 300дөй эле кыргыздын үй-бүлөсү жыргап-чардап алышты. Мурун бийликтен коркуп, түнкүсүн уктабай, “кайсы офиске Бакиевдердин кимиси чакырып, акча же мүлкүмдү тартып алат экен?..” деген аткаминерлер “эркин демократиянын” жемишин көрүп, парламентаризмге жамынып, мамлекетти талкалап бүтүштү. Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана башкалары өздөрүнөн көрүшсүн. Элге берген убадаларын акташкан жок. Анттарын бузушту. Демократиянын, акыйкаттын жана өнүгүүнүн жыты да жок. 7-апрелди “Апрель ыңкылабы” эмес, бул күндү “Атамбаевдин шопур, жансакчыларынын майрамы” деп атасак туура болот!
"Азия Ньюс" гезити