Генерал Молдомуса Конгантиевде күнөө жок, тиги дүйнөгө таптаза кетти!


Кыргыз элинин мыкты уулу, тартип сакчыларынын тажрыбайлуу арстаны, милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Ташболотович дүйнөдөн өттү. Мен коомдук ишмер жана карапайым калктын атынан генерал Молдомуса Конгантиевдин эл үчүн кыргыз милициясындагы эң жакшы өрнөктүү эмгегин калыстык үчүн айтып коюуну туура көрдүм. Себеби, Молдомусанын министр катары жасаган жакшы эмгектерин өз көзүм менен көргөн адаммын. Карапайым элдин көйгөйлөрүн, арыз-муңдарын жакындан угуп-билүү үчүн атайын бир күнү кечке чейин түз кабыл алууну уюштурчу эле. Ошол күнү кайрылган жарандар ушунчалык ыраазы болуп чыгып жатканын өз көзүм менен көргөм. Түз кабыл алууга барганга жетишпей калып, телефон менен кайрылсам, баардыгын угуп жазып алып, «эртең саат 11де жообун алып кетиңиз» деп сүйүндүрдү. Мына чыныгы министр! Келсем маселени бир заматта чечип коюптур.
Эл арасында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркын көтөрө баштаган. Ал эми бүгүнкү күнү ИИМдин башчысы болуп турган генерал Улан Ниязбековго жана бир топ кызматкерлерге эң туура тарбия берип, өздүк курамды жогорку деңгээлге жеткирип кетти. Молдомусанын тарбиясын алган Улан Ниязбеков мына бүгүн ИИМде эң жакшы реформаларды жасап жатат. Ошондой эле ИИМдин структурасында олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүүдөбүз. Бар бол, генерал Улан Омоканович! Ишиңизге ийгилик! Эми силерди тарбиялаган Молдомуса Конгантиевдин жасаган эмгегин баалашыңар керек. Ал барса келбес жакка кетти. Ошондуктан, мыкты генералдардын мындан ары аты түбөлүккө калуусун ойлонушубуз кажет.
Ошондуктан:
1. Кыргыз милициясынын атасы, генерал Эргеш Алиев атындагы академиянын маңдайына Молдомусага окшогон татыктуу генералдардын эстелик аллеясын уюштурууну;
2. Туулган жери Майлуу-Суу шаарынын ички иштер башкармалыгына, же Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгына атын коюуну сунуштайт элем.
3. Ал эми ден соолугунун азабын тарттырган канкор бийликтегилер качып жүрүшөт. Ошон үчүн мен карапайым элдин жана таластык жердештердин атынан бири-бирибизден кеткен күнөөлөрүбүздү кечиришүүнү суранам. Бирок Молдомуса элди да, президентти да саткан жок! Ал өзүнө тагылган милдеттерин мекен үчүн эл алдында чын жүрөгү менен так аткарып келген генерал эле! Молдомуса, сенде эч кандай күнөө жок, тигил дүйнөгө таптаза кеттиң!
Ошол учурдагы апаатта Молдомуса Конгантиев менен кошо Акылбек Жапаров да болгон. Эгерде ачууланган талас эли Акылбек Жапаровду да майып кылып койгондо, бүгүнкү оор кырдаалда ал бул кызматта иштебейт эле. Эми мына, элдин ишеничин актаганга, президент Садыр Жапаровдун ишенимине кирип, азыр колунан келишинче башын канжыгага байлап, күнү-түнү эл үчүн иштегенин көрүп жатабыз. Бул айкын чындык! Муну айтпай коюуга болбойт!
Молдомуса Конгантиевдин жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун! Кош бол, бир боорум, элдик генерал Молдомуса Ташболот уулу!
Ж.Тургуналиев, коомдук ишмер
"Азия Ньюс" гезити











