Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жан кейиткен жол кырсык жети адамдын өмүрүн алды

Жан кейиткен жол кырсык жети адамдын өмүрүн алды

05-март, 10:46
1 046 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Бишкек–Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 7 киши каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жерде болуп, анда «Мерседес-Бенц Вито» менен «Хонда Джазз» унаалары кагышкан.

Окуя болгон жерге тийешелүү министрликтин төрт куткаруучусу, “тез жардам” жана милиция кызматкерлери барган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды автоунаадан чыгарып, “тез жардам” кызматына, каза тапкандарды милицияга өткөрүп беришкен. Маалыматтарга караганда, жабырланган 6 адам учурда Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканада. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер