Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Туйгунаалы Абдраимов тезинен боштондукка чыгышы керек!”

“Туйгунаалы Абдраимов тезинен боштондукка чыгышы керек!”

13-май, 21:58
625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулукта Туйгунаалы Абдраимовдун камалышы түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Ага коюлган айып да кызыктай, жукпай атат. Сыягы, жогору жакка туура эмес, кайраштыруу иретинде маалыматтар жетип, “бөрк ал десе баш алган” саясат орун алып кетти окшойт. Адилеттүүлүк, калыстык орун алабы?

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер:

-- Туйгунаалы Абдраимовдун камалганын түшүнбөй турам. Убагында суракка чакырып, бир күнгө кармап, кайра чыгарып койгон эле. Ошол бойдон артынан эч бир сөз да жүргөн жок. Текшерүү жүрүп аттыбы, эмне кылмыш кылды, айтылбастан кайрадан алпарып камап койду. Кыргызча божомолдосок, адам баласын мыйзам чегинде сурак кылып, мойнуна коюп, анан камаш керек эле. Бизде арабаны алдыга түртүп барып, андан кийин иликтей баштады. Бул өтө туура эмес көрүнүш да. Ошол эле учурда канча жылдан бери электр тармагында коррупциялык схемалардын тилин сууруп, тишин чаккан Ширшовду жарым күнгө кармап, кечинде чыгарып койду. А Туйгунаалы андан да коркунучтуубу? Аксакал жашына барып калган адамга анчага барбай эле үй камагында суракка чакырып, териштирсе болбойт беле? Эмнегедир ЦРУнун коркунуч жараткан чалгынчысын кармагандай мамиле кылып атышат, мээм жетпей жатат... Туйгунаалынын камалышы коомчулукта ар кандай талкууларды, сөздөрдү жаратууда. Бул бийликке тескери аброй апкелүүдө. Ооба, мен бул сөздөрдүн чыгышын эл-жер кыдырып жүрүп байкап атам. Баардыгы эле Туйгунаалынын камалышын туура көрүшкөн жок. Түшүнүксүз иш болуп кетти. Кандай болгон күндө да Туйгунаалыга чың ден соолук, кажыбас кайрат каалайт элем. Ал эми бийликтегилер ачык-айрым болуп, элден бөлүнбөй, бирге болсо...

Мээрбек Мискенбаев, Апрель баатыры:

-- Туйгунаалы Абдраимовду жөн эле “Алмазбек Атамбаевди колдоп атасың” дегенсип камап койду. Капкаяктагы 10 жыл мурдагы таштанды иши менен. Коррупцияга белчесинен малынган, мамлекетке өтө коркунуч жараткан коррупционерлердин жоон тобу чет-четинен чыгып кетти. Ага караганда Туйгунаалы байкеники болбогон эле, акылга сыйбаган айып болуп атат. Алыс кетпейли, Акаевдин күнөөсүн актоо менен 2005-жылкы элдик революцияны жокко чыгардык. 2020-жылы “Шариманга” (Сокеге) экс-президент макамын берип, ал революцияны жокко чыгардык. Туйгунаалы аксакалыбыз илим-билимдүү киши, аны “сындырабыз” деген болбогон кеп. А киши эч качан майтарылбайт, чөкпөйт, тизелебейт, духу күчтүү инсан. Биздин бийлик ушу 60тан ашып калган аксакалдар менен күрөшүп калганы уят эле нерсе да. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт, андан көрө Абдраимов аксакалыбызды тезинен боштондукка чыгарсын! Бул бийлик жолчырагы жашыл күйгөн аңга баратат. Андан көрө Туйгунаалы байкенин акылын, иш тажрыйбасын алса болмок. Азыр да кеч эмес. Бул адам бир эле Чүй өрөөнүндө эмес, Кыргызстандын баардык жеринде аты таанылган бараандуу саясатчы. Бийлик койгон болбогон айыптарын мойнунан алып, тезинен боштондукка чыгарса, президентке жана анын жакын адамдарына чоң кадыр-барк апкелмек. 

Асел Кодуранова, коомдук ишмер:

-- Туйгунаалы Абдраимовду камаганы өтө туура эмес. Койгон айыптары адамдын күлкүсүн келтирет. Азыркы бийликтин “бөйрөктөн шыйрак чыгарган” обу жоктугу. БШКнын төрагасы болуп туруп кантип айыл өкмөткө кысым кыла алат? Камагандарын кандайча түшүнөбүз? Бул бийликтин акылсыздыгы менен алсыздыгы болуп атабы? Туйгунаалы Абдраимовдун ишин “кылмыш” деп айтышка ооз барбайт. Андан жүз, миң эсе опурталдуу, Кыргызстанды митедей соргон, энергетикадагы коррупциялык схеманын атасы болгон Ширшовду эки сааттын ичинде үй камагына чыгарып койгонун кандай түшүнсөк болот?! Адилеттүүлүк болбой калды. Эгер бул бийлик ушинте берсе, жакынкы арада кадыр-баркы өтө төмөн түшүп кетет. “Эсиң барда этегиң жап” дейт. Элдин баары келесоо эмес. Баарын сыдыргыга салып, карап отурат. Кимдин ким экенин, ак-караны ажыратып калган заман. 

Акжол Абдраимов, Туйгунаалы Абдраимовдун уулу:

-- Көп нерселер таңгалычтуу болуп турат. Эң негизгиси, эл аралык издөөдө жүргөн кишини, алдамчыны үй камагына чыгарып коюшту. Үй камагынан ары боштондук күтөт да. Бийликтин сурагынан качпай турган атамды эки айга камакка алып отурушат. Адвокат менен кеңешип, дагы айтар сөздөрүбүз алдыда. 30-июнга чейин абакта калтыруу чечими чыкты. Биз жогорку инстанцияга даттанабыз. Акыры ак ийилет, бирок сынбайт!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер