Депутаттарга доомат...


Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында парламеттик кайра шайлоо болору болжолдонууда. “Чабал өрдөк мурда учат” дегендей, айрым жеңил ойлуу, дымагы күчтүү депутаттар өз округдарында түн уйкусун бөлүшүп, чабагандап жүрүшөт. Алардын учкул кыялы эптеп кайра депутаттык мандатын колуна алуу экени айдан-ачык эле белгилүү. Анүстүнө депутаттар он ай эс албай, бел чечпей катуу иштешип, чарчаган түр көрсөтүшүп, кезектеги эки айлык эс алууга кетишти. Бечараларга өтө убал болуп кетти.
Биздин депутаттарга айталы деген дооматыбыз бар. Айрымдары шайлоочуларына жакшы көрүнөлү дешеби, айтор, алар Жогорку Кеңештин сесияларында же комитеттин жыйындарында чакырылган ар кыл тармактын министрлерин же өкүлдөрүн жаш балача кагып-силкишип, кемсинте сүйлөшүп, эптеп бир кыйкым таап урушканды өзүнчө адатка айландырып алышты.
Сөз чынына келгенде, ошол депутаттар капчыктуу байлар, базардан келген соодагерлер, ишкерлер десек болот. “Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсун” дегендей, чамгарактап көккө чыгып кетишпей, кичине жерге түшүшсө не? Дегенибиз, алар депутаттык этиканы сактап, адамча мамиле жасаганга өтүшсө дейбиз.
Кийинки шайланып келе турган депутаттар өздөрүн Кудайдай сезишпей, жогорудагы олуттуу дооматты кулактарына күмүш сырга кылып илип алуулары керек. Эң негизгиси, кыргыз тилине күйгөн депутат болуулары зарыл. Жанагы ОСАГО деген сөздүн кыргызча аталышын чечмелей келгендери оң. “Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай”...
Жээнтай Абдиев, жазуучу, Жайыл району, Суусамыр айылы
"Азия Ньюс" гезити











