Абдикарим Алимбаевдин бир буту Бишкекте, экинчиси Баткенде, “үчүнчүсү”...
Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев ар кайсы шылтоо менен борборго ат тезегин кургатпай келе берүүнү адатка айландырып алыптыр. Жума аягында эле “зуу” коёрун кесиптештери айтып калышат. Сөзүбүз куру болбос үчүн мисал келтирели. Өткөн ишемби, 9-март күнү Абдикарим Алимбаев Бишкек шаарынын Түгөлбай Ата көчөсүндөгү Skyberry кофейнясында курсагын тойгузуп, бакылдап кечке отурду. Бул эргулду ар дайым эле шаардан көргөн адамдар арбын. Кызык, Баткендеги жооптуу жумушун таштап коюп, улам Бишкекке учуп, тайраңдап жүрө береби? Көңүлү жок болсо, арызын жазып кетип калбайбы? Аймактардын өнүкпөй жатышынын бирден-бир себеби, дал ушундай кайдыгер кадрлардын кесепетиненби? Жакындан билгендер Абдикаримдин көз жазгырган “фокустарынан” тажап деле калгандыр... Бирок, эмнегедир бийлик төбөлдөрү буга ишеним артышып, реакция жасабай келишет. Таңгалычтуу.
"Азия Ньюс" гезити