Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурказы Батырбековдун гепатит менен ооругандарга жакшы жаңылыгы бар

Нурказы Батырбековдун гепатит менен ооругандарга жакшы жаңылыгы бар

04-апрель, 13:33
1 736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жарандык активист Нурказы Батырбековдун колунда учурда Индия өлкөсү берген дары-дармектер бар. Ал дарыларды гепатит дарты менен жабыркаган жарандарга таратып берет. Бул тууралуу Нурказы Батырбеков кайрылуусунда билдирди.

"Гепатит дарты менен жабыркап, ооруп жаткандарга кайрылам. Индиялык фармкомпания Кыргыз өлкөсүнө дарыларды гуманитардык жардам катары берди. Аталган дарт менен алышып жаткан жарандар мага кайрылып, дары алсаңыздар болот. Азыр карантин болуп жатканына байланыштуу дарылар Бишкек шаарына эле таратылат. Ал эми карантин бүткөндөн кийин эгер жетип калса аймактарга да жиберебиз. Бул дарылар кыйналып турган жарандарга чоң жеңилдик. Анткени биз бул дары-дармектерге муктаж болуп келгенбиз.

Бул боюнча саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка тиешелүү тараптарга билдирип, бирок тыңгылыктуу жооп ала албай келген элек. Азыр Кудайга шүгүр, колумда 300 даана дары турат. Ар бир банкасы 3 миң сомдон алынган. Жалпы суммасы 1 миллион сомго чамалайт. Мамлекеттен жардам болбой турганда бейтап инвестор таап, дарыны алганы - бул чоң жетишкендик. Жардам катары берилген дарыны бейтаптар жылдап ичишет. Эгер аларды кантип таратасыңар (?) деген суроо жаралып жаткан болсо, бейтапта дарыгердин дарыны ичип жатканын тастыктаган колунда дүмүрчөгү болуш керек", - деди Батырбеков.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер